Алайда үй-бүлө атасынын жылдык ашын берүүнүн ордуна айылга ФАП куруп берди

Сүрөт: «Турмуш»

Ош облусунун Алай районунда маркум Марат Мамасалиевдин жакындары анын бир жылдык ашын берүүнүн ордуна айылга үй-бүлөлүк медицина борборун куруп берди. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, алар курулушту баштан-аяк өз каражатына бүткөрүп беришкен. Ал эми бейтапкананын ачылышы 17-июлда өткөн.

Анда имам «мындай саамалыктар ысырапкорчулуктун алдын алаарын жана элге пайдасы тийсе маркумга сообу жетээрин» белгилеген.

Аталган айылда буга чейин маркум Ысмайыл Абдыкадыровдун балдары айылга жол оңдотуп беришкен — алар атайын техникалар менен Мурдаштан Жыланды айылына барчу 10 чакырым жолго шагыл төктүрүп, тегиздетишкен.

Айылдын тургундары ысырапкорчулуктун алдын алууну алгачкылардан болуп баштап бергени үчүн Абдыкадыровдорго ыраазы болушкан.

«Маркумдун ашын өткөрүүгө эле канчалаган чыгым кетет. Айылдашыбыздын балдары атасынын ашын өткөрүүнүн ордуна элге жол салып, чоң сооп алышты. Ушул саамалык мындан ары да жайылса, ысырапкерчиликтин алдын алмакпыз», — деген тургундардын бири.