Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатат. Бул тууралуу «Клоопко» башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы кабарлады.
Бирок Башкы прокуратурадан эл өкүлү кайсы иш боюнча жана ким катары чакырылганын ачыктаган жок. 24.kg сайтынын маалыматы боюнча, Мадумаров кыргыз-тажик чек арасындагы маселе боюнча күбө катары сурак берүүдө.
Жапаровдун убадасы
Өткөн жылдын 23-октябрында президент Садыр Жапаров басма сөз жыйында 2009-жылы Мадумаров, Коопсуздук кеңештин катчысы болуп турган кезинде протоколго кол койгонун айткан. Жапаровдун айтымында, дал ушул документтин айынан Дүйшөмбү Баткендеги бир участокко ээ болгусу келүүдө.
«Мен айтып атам, бул жер жүз жылдан бери биз Лейлекке өтүп жүргөн жол. Алар мына Коопсуздук кеңештин катчысы Мадумаров кол коюп берген документ деп бетиме такап атат. Ал [...] ошол 275 метр жер Тажикстандыкы экенин тааныйм, ооба, силердики деп бериптир дагы, бирок кайра 49 жылга бизге ижарага берип тургула деп кол коюптур. Ошону менен ушул протокол менен силер 49 жылга арендага алгансыңар деп атат. 12 жылыңар өттү, 37 жылдан кийин же жабабыз же кайра сүйлөшүүлөрдүн негизинде улантабыз деп жатат. Мен ал убакта Мадумаровдун кол койгонго акысы болгон эмес, эч ким ага ыйгарым укук берип жиберген эмес, юридикалык жактан [бул документ] жараксыз деп билдирдим. Анткени эки өлкөнүн ортосунда чек ара маселеси кандай чечилет? Биринчиден, расмий түрдө эки өлкөнүн өкмөттөр аралык коммисиялары иштейт. Алар макулдашып, келишимге кол коюшса президентке келет, андан кийин ратификациялоо үчүн Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт. Башка бир дагы түзүм кол койгонго акысы жок. Мен ошого таянып, бул протокол жараксыз деп айтып жатам. Бул жерде талаш маселе жок, башка жерлерге өтөлү деп атып жатам. [...] Эгерде ушуну менен чечиле турган болсо, анда 37 жыл деле көз ачып жумганча өтүп кетет. 37 жылдан кийин Лейлек толук анклав болуп калат», — деп айтып берген Жапаров.
Бул билдирүүдөн кийин ноябрда президент Баткендин жерин саткан «саткындарды» жоопко тартууну убада кылган. Ал бул фактылар боюнча шайлоодон кийин иликтөө жүргүзүлөрүн айткан.
«Азыр шайлоо процесси жүрүп жатат. Мындай учурда суракка ала албайсың. Шайлоодон кийин суракка алып, дыкат териштирип, күнөөлүүлөрдү, мейли ким болбосун жоопко тартабыз. Саткындар, чыккынчылар үчүн мөөнөт чектелбеш керек», — деп билдирген Жапаров.
Арадан он жылдан кийин, 2019-жылы, УКМК бул протоколду текшере баштаган. Мадумаров өзү бул документке кол коюу туура чечим болгонун билдирип, аны сындап жаткандарды ачык дебатка чакырган.
«Бүгүнкү күндө, дал ошол протокол болгондуктан Сүлүктүдөн чыгып жаткан унаалардын баары, Кыргызстанга, Бишкекке тоскоолдуксуз кирип жатат. Аталган протоколду Жогорку Кеңеш жактырган эмес, демек, анын эч кандай юридикалык күчү жок», — деген ал.