ТИМ: Башаламандык учурунда каза тапкан кыргызстандык Алматыда жерге берилет

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигин басма сөз кызматы Казакстандагы башаламандыкта каза болгон Азиз Мусаевдин сөөгү Алматыда жерге берилерин кабарлады. Мындай чечимди маркумдун туугандары кабыл алган.

Маркум Азиз Мусаев. Сүрөт: «СЕЙЧАС КГ» телеграм-каналы

Азыркы учурда маркумдун апасы С. Иманкожоева Алматыда, ага баласы каза болгондон беш күн өткөндөн кийин гана Казакстанга кирүүгө уруксат берилген. Мурдараак каза болгон кыргызстандыктын досу 24.kg басылмасына Мусаевдин апасы «баласы менен коштошууга» Бишкектен Алматыга кете албай жатканын айткан. Ошондой эле ал, казак тарап маркумдун сөөгүн бербей жатканын да билдирген.

Кийинчерээк ТИМ аял киргизилбей жатканын казак тарап өлкөгө кирүүгө чектөө койгону менен түшүндүргөн.

Ал эми каза болгон экинчи кыргызстандык Б.Б боюнча, ведомство учурда маркумдун сөөгүн мекенине алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдады.

ТИМ кыргызстандыктарга тиешелүү ар бир иш Кыргызстандыдын Казакстандагы толук ыйгарым укуктуу элчисинин жана Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулунун жеке көзөмөлүндө экенин кошумчалады. Министрлик Казакстанда жүргөн кыргыз жарандары консультативдик-укуктук мүнөздөгү суроолор боюнча Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугуна кайрылуусун эскертет:

  • +7 777 8150072 — Кайрат Жакыпов;
  • +7 777 0371448 — Гүлзат Абдурасулова;
  • +7 777 0275596 — Жаркынай Сансызбаева;

Ошондой эле, Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин ишеним телефонуна дагы консультация алуу үчүн кайрылса болот:

  • +996 551 312 000;
  • +996 555 007 626;
  • +996 708 52 21 37;
  • Кыргызстандын Нур-Султандагы элчилиги: +7 (776) 124-88-33, +7 (777) 4733009

Казакстанда каза тапкан кыргызстандыктар

Алматыда фитнес-тренер болуп иштеп жүргөн 32 жаштагы Азиз Мусаев 7-январда каза болгон. ТИМ казак укук коргоо органдары кыргызстандыктын өлүмү боюнча тергөө жүргүзүп жатканын билдирген.

Каза тапкан экинчи кыргызстандыктын тек-жайы кабарланган эмес, бирок Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Ариповдун айтымында, туугандарды маркумдун сөөгүн таанышкан.

Казакстандагы нааразычылык жана анда кармалгандар

Казакстандагы нааразылыктар 2-январда өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн шаарынан башталган. Ал жакта тургундар суюлтулган газ кымбаттаганына нааразы болуп, тынчтык акциясына чыгышкан.

Бир нече күндөн кийин митингге башка шаардын тургундары да чыгып, экономикалык талаптар саясий талапка айланган. Нааразылар учурдагы бийликтин отставкасын жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алууну талап кылышкан.

Натыйжада 5-январга караган түнү Казакстандын өкмөтү отставкага кеткен. Бирок нааразычылыктар токтобой, айрым шаарларда коопсуздук күчтөрү менен куралдуу кагылышуулар болгон.

Эң оор акыбал Алматыда болгон, кагылышуулар талап-тоноочулуук менен коштолгон.

Погромы в Алматы. Фото: Vласть.kz

Нааразылыктар токтобой жаткан шартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев митингчилерди чет өлкөдө окуудан өткөн «террорист» деп атаган.

8-январда Казакстандын ИИМи башаламандык фактысы боюнча миң адам, анын ичинде чет элдик жарандар кармалганын билдирген.

«Алматы облусунун айылдарынын биринде 100дөн ашык адам кармалды. Алдын ала маалымат боюнча, кармалгандар коңшу өлкөнүн жарандары», — деп билдирди ведомство. Бирок кайсы мамлекет экени такталган эмес.

Кыргызстындын УКМКсынын 10-январга карата маалыматына ылайык, Казакстанда 5 кыргызстандык кармалган. Алардын бири — музыкант Викрам Рузахунов — 10-январь күнү кечинде мекенине алып келинди.

11-январда Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов калган төрт кыргызстандык да бошотуларын айткан. Ал эми ТИМ казак тарап менен ушундай келишим жетишилгенин белгилеген.

Кийин 12-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Алматыда кармалган кыргызстандыктар боюнча маселе көтөрүлгөн. Анда депутат Карим Ханжеза Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу менен «азыр гана сүйлөшкөнүн» жана ал кармалган төрт кыргызстандык дагы деле бошотулбаганын айткан.

Ага чейин Арипов «Азаттыкка» маек куруп, Казакстандын ИИМи кыргызстандыктарды бошотуу боюнча Башкы прокуратурага сунуш жибергенин айткан. Азыркы тапта кайрылуу каралып жатат.

Азыркы тапта Алматыдагы башаламандыкка катышууга шектелип (1990-жылы туулган) Закир Юбуров, (1991) Адан Хуров, (1987) Ильяс Мачо жана (2001-жылы туулган) Абду-Рахим Жиншанло камакта.