Пианист Викрам Рузахунов: Чынында, тирүү, деним сак экенине кубанычтамын

Казакстандын Алматы шаарында митингге катышкан деген шек менен кармалган кыргызстандык джаз-музыкант, пианист Викрам Рузахунов эмне себептен «жалган» көрсөтмө бергенин түшүндүрдү. Ал 10-январда Бишкекке келген соң, «Жеңиш» аянтындагы өчпөс оттун жанында журналистерге жолукканда айтты.

Рузахунов Алматыга барган себеби тууралуу

Мен Алматыга достумдун чакыруусу менен баргам*. Биз бир ишти өнүктүрсөкпү дедик эле. Төртүндө митинг башталды. Аны мен ижарага алган батирден көрдүм. Досум үйдө болуп, эч жакка чыкпоону сунуштады. Аны угуп, үч күндөй үйдөн чыккан жокмун. Абал барган сайын курчуй берди. Интернетти өчүрүшүп, азык-түлүк саткан дүкөндөр иштебей калды. Ошол үчүн үйгө кетүү аракетин кылып көрүүнү чечтим.

*Рузахунов кармалган соң, Кыргызстандын Ички иштер министрлиги музакынттын туугандарына таянып, Рузахунов Алматы шаарында өтүүчү концерттик программаны алып баруу үчүн чакырылганын билдирген.

Рузахунов Алматыда кармалганы тууралуу

Рузахунов Бишкекке келди. Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы.

7-январда Алматы — Бишкек багытындагы Самсы айылында жайгашкан посттон мени аскерлер кармап, убактылуу кармоочу жайына киргизишти. Ал жерде мага сылык мамиле кылышты — тамак, ысык чай беришти.

Азыр Казакстанда кыйын учур болуп жатат. Аны эч ким алдын ала албайт. Мындай окуя ар бир адамдын башына келиши мүмкүн. Ушундай жагдайдын курмандыгы* болуп калдым. Туура эмес учурда, туура эмес жайда болуп калдым.

*Рузахуновдун Казакстандагы кырдаалдын курмандыгы болуп калганын Камчыбек Ташиев дагы айткан. Ал «Рузахунов туура эмес учурда, туура эмес жерде болуп калганын» билдирген.

Рузахунов өзүнө каршы «жалган» көрсөтмө бергени тууралуу

Мен убактылуу кармоочу жайда чогуу отургандардан «Эгерде бирөөлөр акча сунуштар, Алматыга митингге катышуу максатында келгем деп билдирүү кылсаң дароо Бишкекке депортация кылат» дегенин уктум. Мага ушундай [Кыргызстанга кайтуунун] жолу сыяктуу сезилди. Ошондуктан, мен өзүмө карата жалган көрсөтмө бердим. Негизи андай кылган эмесмин. [....] Бул үйгө кайтуунун эң оңой жолу деп уктум.

Мен айткандай, ал жерде кырдаал оор. Интернет иштебей, мен белгилүү эле музыкант экенимди айтып, издеп көрүүсүн айттым.

Рузахунов бети-башынын көгөргөнү тууралуу

Викрам Рузахунов

Мунун бардыгы чек ара кызматынын аскерлери мени кармоо учурунда болду. Катуу күч колдонуп кармашты. [...] Постто аскерлер менен сүйлөшө албайсың, аларга эч нерсени далилдеп бере албайсың.

Кармоочу жайда мени менен кошо дагы төрт кыргызстандык бар болчу. Айрым маалыматтар боюнча, алар күнөөсүз болгондуктан, эртең коё беришет.

*Рузахуновдун жакындары ал кыйноолорго кабылганын жана Казакстанда эч кандай туугандары жоктугун айтышкан.

Азыр айтып жаткан көрсөтмөлөрүм үчүн кол койдум. Мен эч кандай коммерциялык сыр (маалыматты ачыкка чыгарбоо) жөнүндө кагазга кол койгон жокмун, андай нерсе сунушталган жок.

Мен үйгө келгениме кубанычтамын. Жеңил дем алып жатам. Сиздер көрүп аткан бетимдеги тактар кетет. Чынында тирүү, деним сак экенине кубанычтамын.

Өзүмө келиш үчүн бир аз убакыт керек. Чыгармачылык менен алектенем, эмне менен алектенеримди билесиңер. Джаз фестивалдарын уюштурабыз, быйыл 17-фестивал болот. Бул багытта активдүү иштер уланып жатат.

Викрам Рузахунов үй-бүлөсү менен. Сүрөт: Азис Абакировдун Фейсбук барагы.

Викрам Рузахуновдун кармалышы

9-январда Казакстандык ЖМКларда «башаламандыктарга катышуу үчүн Кыргызстандан келген» делген кыргыз жарандын катышуусу менен тасма жарыяланган.

Анда кармалган киши аны менен «бейтааныш адамдар байланышка чыгып, митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге (17,5 миң сом) сунуштаганын» айткан.

Ал эми соцтармактардын колдонуучулары жана анын жакындары аталган киши кыргызстандык джаз-музыкант Викрам Рузахунов болгонун айтып чыгышкан.

Бирок Казакстандын Ички иштер министрлиги кармалган кишинин аты «Закир Убуров» деп ишендирүүгө аракет кылган. Кийин Алматыда иштеп жүргөн Закир Юбуров аттуу кыргыз жараны кармалганы белгилүү болду. Анын жакындары Юбуров коңшу өлкөдө 1,5 жылдан бери соода кылып иштегенин айтып, 7-январда ал мекенине кайтып келе жатканда өткөрмө постунда кармалганын айтышкан.

Андан кийин Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында Рузахуновду колдоо митинги өткөн. Митингге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев келип журналисттердин жана чогулгандардын суроолоруна жооп берген. Ташиев Рузахунов буга чейин башаламандыктарга эч качан катышпаганын жана ага «террорист катары» айып тагуу туура эместигин билдирген.

УКМКнын башчысы Викрам Рузахунов — террорист эместигин жана бийлик аны куткаруу үчүн бардык күчүн жумшарын айткан.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Бир кадр менен: Викрам Рузахунов үй-бүлөсү менен бир дасторкондо