Лукашенко ЖККУнун Казакстандагы операциясын Путин экөө иштеп чыкканын билдирди

АКШ менен Европа биримдиги Беларустун президенти деп таануудан баш тарткан Александр Лукашенко 16-январда ЖККУнун Казакстандагы операциясы Орусиянын президенти Владимир Путин менен биргеликте иштелип чыкканын айтты. Лукашенконун билдирүүсүн «Белта» маалыматтык агенттиги таратты.

Лукашенконун айтымында, бул операцияны «майда-баратына чейин» иштеп чыгууга Путин экөө бир саат кетирген.

«Ойлор белгиленген эле. Шойгу жана Хрениндин жетекчилиги астында [Орусия менен Беларусиянын] коргоо министрликтери президенттердин бул оюн генералдык штабда деталдуу иштеп чыгып, бир нече сааттан кийин Казакстанга алгачкы учактар жөнөп кеткен. Баары эч бир жалтактоосуз, ыкчам жана чечкиндүү жасалды», — деп билдирди Лукашенко Белорустун тынчытык орнотуучу күчтөрүнүн алдында сүйлөп жатып.

Лукашенко биргелешкен аракеттер «террористтердин жалынын өчүрүп», бүткүл дүйнөгө тыгыз союздаштык байланыш, ЖККУнун жөндөмдүүлүгү жана потенциалы көрсөтүлгөнүн кошумчалады.

6-январда Лукашенко митингге чыккан казакстандыктар аскерлерден тизе бүгүп кечирим сурашы керекектигин дагы айткан эле.

ЖККУ жана Казакстандагы митингдер

Казакстандагы нааразылыктар 2-январда өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн шаарынан башталган. Ал жакта тургундар суюлтулган газ кымбаттаганына нааразы болуп, тынчтык акциясына чыгышкан. Бир нече күндөн кийин митингге башка шаардын тургундары да чыгып, экономикалык талаптар саясий талапка айланган. Нааразылар учурдагы бийликтин отставкасын жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алууну талап кылышкан.

Митингде эң эле көп «Шал, кет!» деген ураан-чакырык айтылган. Натыйжада 5-январга караган түнү Казакстандын өкмөтү отставкага кеткен.

Митингчилер менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусу Алматыда катталган. 5-январь күнү күндүз демонстранттар Алматы шаардык администрациясын басып алышкан. Ошондой эле ЖМКларда митингчилер президент Касым-Жомарт Токаевдин Алматыдагы мамрезиденциясына жеткенин да жазышкан. Натыйжада ал жерде өрт чыккан.

Мындан тышкары, митингчилер Алматы аэропортун басып алышкан. Бирок 6-январга караган түнү бийлик аба майданы бошотулганын билдирген. Ишкерлер шаардагы ири соода борборлору таланып-тонолгонун билдиришкен.

Касым-Жомарт Токаев Казакстандагы абалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна жардам сурап кайрылды.

Нааразылыктар токтобой жаткан шартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев митингчилерди «террорист» деп атап, «террористтик коркунучтан өтүү» үчүн ЖККУга жардам сурап кайрылган.

6-январга караган түрү Армениянын премьер-министри жана ЖККУнун төрагасы Никол Пашинян уюм Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алганын билдирген.

11-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн негизги миссиясы аяктаганын маалымдаган. Анын айтымында, өлкөнүн бардык аймагында абал турукташып калган, ал эми ЖККУнун контингентин чыгаруу 10 күндөн ашык убакытты албайт.

Бийлик нааразычылык акциясында каза тапкан жарандардын санын бир нече күн бою ачыктабай, набыт болгон күч кызматкерлеринин саны боюнча гана маалымат берип туруп алган. Ал эми 15-январда Казакстандын Башкы прокуратурасы нааразычылыкта жалпы 225 киши каза болгонун билдирген.

«Өзгөчө абал режими учурунда өлүкканаларга 225 сөөк жеткирилген. Алардын бир бөлүгү террордук чабуулга катышкан куралчан бандиттер. Каза болгондордун арасында 19 полиция жана аскер кызматкери да бар. Тилекке каршы, карапайым тургундар да террордук актынын курмандыгы болуп калды», — деп маалымадаган көзөмөл органы.