Казакстандын өкмөтү жана кызмат адамдары отставкага кетти

Казакстандын өкмөт үйү. Сүрөт: Шукир Шахай

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 5-январда өкмөттү отставкага кетирди. Премьер-министрдин ыйгарым укуктары убактылуу Алихан Смаиловго жүктөлдү — ал биринчи вице-премьер-министр кызматын ээлеп турган.

Ал эми өкмөттүн башка мүчөлөрү жаңы курам бекитилгенге чейин өз милдеттерин аткарып турат.

Ошондой эле Токаев президенттик администрациясынын жетекчисинин орун басары Мурат Нуртлеуну Казакстандын коопсуздук комитетинин төрага орун басары кылып дайындады. Мындан сырткары мамлекеттик катчы Крымбек Кушербаев кызматынан алынып, анын ордуна президенттин жардамчысы Ерлан Карин келди.

2-3-январь күндөрү Казакстандын Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларында газдын кымбатташына каршы нааразычылык акциялары башталган. Митингге миңдеген киши чогулган. Алар газдын баасын төмөндөтүүнү жана акимдерди шайлоо жолу менен кызматка орнотууну талап кылышкан.

Ал эми 4-январда нааразылык ация Нур-Султан (Астана), Алма-Ата, Шымкент, Караганды, Атырау, Актөбө жана башка шаарларында өттү. Нааразы тарап газдын баасын төмөндөтүүдөн сырткары өкмөттүн отставкасын да талап кылууда. Ошондой эле Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевди кол тийбестиктен ажыратуу талабы да айтылды.

Ал арада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элге эки ирээт кайрылуу жолдоп, калкты сабырдуулукка чакырды. Казак басылмаларында жарыяланган президенттин видео кайрылуусунда «бийлик кулатылбайт» деп ишендирген.

5-январга караган түнү Алматыда нааразычылык акциясынын миңдеген катышуучулары жана полиция кызматкерлери кагылышып, көздөн жаш чыгаруучу газ колдонулган. Мындан сырткары, демонстранттар бир нече полициянын унааларын өрттөп жиберишкен.

Мындан улам Токаев Алматы шаарында жана Мангыстау облусунда 5-январь саат 01:30дан 19-январга чейин өзгөчө абал киргизди.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Чал, кет!» Казак бийлиги газга болгон бааны түшүргөнү менен нааразылык акция уланып жатат

Казакстан: Алматы жана Мангыстауда 19-январга чейин өзгөчө абал киргизилди