ТИМ: Казакстанда жоголгон кыргызстандык табыла элек, издөө уланууда

Тышкы иштер министрлиги Казакстанда 8-январда жоголгон кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков дагы деле табыла электигин билдирди. Бул тууралуу ведомство «Клоопко» кабарлап, «издөө иштери улантылып жатканын» маалымдашты.

Чолпонбек Сыдыков 46 жашта, Кыргызстандын жараны. Ал Алматыда келип кетип, эмерек жасап иштеп жүрчү. Курбусу Айгүл Сартбаеванын айтымында, Сыдыков нааразычылык акцияларына катышкан эмес жана буга анын далили бар.

«Ал нааразылыктарга катышкан эмес, үйдөн чыкпай отурган, күбөлөр бар», — деген Сартбаева.

Чолпонбек Сыдыков. Фото: Orda.kz

Сыдыков убактылуу катоосунун мөөнөтү аяктап жаткандыктан 8-январда Кыргызстанга жөнөгөн.

«Антитеррористтик операциянын курмандыгы болгондон көрө үйдө отуруп миграциялык эрежелерди бузганы жакшы болмок. Бул этиятсыз, акылга сыйгыс кадым болуп калды. Аны таксиден шаардын чыга беришинде блокпосттон түшүрүп коюшкан экен», — деп жазган Сартбаева.

Сартбаев Сыдыковду таппай жатканын 15-январда социалдык тармактарда билдирген. Сартбаева аны митингчи катары көрүп, күнөөнү мойнуна алдырып коюшу мүмкүн деп кабатыр болгон. Ошол эле учурда мурдараак Казакстан беш эле кыргызстандык кармалганын билдирген болчу — натыйжада баары боштулган, бирок алардын арасында Сыдыков болгон эмес.

«Анын кармалганы тууралуу Кыргызстандын консулдугуна кабарлаганбыз, бирок азырынча табыла элек. Мен кабатырланып жатам, ага окшогон укугу чектелген алсыз кишиге башаламандыктарга катышты деген айыпты “оңой эле илип койсо болот”. Викрам Рузахуновдун окуясы дагы чочулатып турат. Эгерде ал белгилүү джазовый пианист эмес, Чолпонбек сыяктуу катардагы жумушчу болгондо эмне болмок? Жоголгонуна алты күн болду», — дейт Айгүл Сартбаева.

Анын айтымында, Сыдыковду башаламандыктарга тиешеси бар-жогун аныктоо үчүн Кошмамбет айылындагы убактылуу кармоочу жайга алып кетишкен болушу мүмкүн. Бул тууралуу 15-16-январда Кыргызстандын жана Казакстандын ЖМКлары дагы жазышкан.

Анда Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нурлан Ниязалиев Кыргызстандын Нур-Султандагы элчилиги жана Алматыдагы Башкы консулдук Казакстанда 8-январда жоголгон Чолпонбек Сыдыковду күжүрмөн издеп жатканын аткан.

«Алматыга 2021-жылдын 11-октябрында учуп келгени гана белгилүү. Казакстан тараптан консулдук иштер уланууда», — деген ал.

Кармалган дагы бир кыргызстандык

ТИМдин басма сөз кызматы «Клоопко» казак чек арачылары тараптан кармалган Сыймык Өмүрбек уулу дагы бошотула электигин айтышты. Ал 10-январь күнү кармалган жана бул жагдайдын нааразычылыктар менен эч кандай байланышы жок.

«17-январда [Кыргызстандын] башкы консулдугунун кызматкери Сыймык Өмүрбек уулу менен видеоконференция аркылуу байланышкан, ал баары жайында экенин айткан», — деп билдиришти ТИМден маселе «өзгөчө көзөмөлдө» экенин кошумчалап.

Кыргызстандыктын коңшу өлкөнүн чек арачылары тарабынан кармалганын 12-январда депутат Акылбек Түмөнбаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыккан. Сыймык Өмүрбек уулунун апасынын айтымында, 10-январь күнү уулу Ысык-Көлдүн Түп районунун Каркыра жайлоосунда мал издеп жүрүп байкабай Казакстандын чек ара сызыгынан өтүп кеткен. Аны ошол жерден кармашкан.

Кийинчерээк ал президент Садыр Жапаров жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевден уулун кайтарып келүүгө жардам сурап кайрылган.

12-январда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Казакстандын ТИМне Өмүрбек уулунун кармалышы тууралуу маалымат берүү өтүнүчү менен нота жиберген. Ошондой эле башкы консулдук казак тараптан кыргыз жараны боюнча ишти кароону тездетүүнү суранган. Ал эми 13-январда УКМКнын Чек ара кызматы баланы бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлаган.