ТИМ Казакстанда кармалган Чолпонбек Сыдыковду издөөнү улантып жатат

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нурлан Ниязалиев Кыргызстандын Нур-Султандагы элчилиги жана Алматыдагы Башкы консулдук Казакстанда 8-январда жоголгон Чолпонбек Сыдыковду күжүрмөн издеп жатканын кабарлады.

«Тилекке каршы азырынча аны табыша элек. Алматыга 2021-жылдын 11-октябрында учуп келгени гана белгилүү. Казакстан тараптан консулдук иштер уланууда», — деп жазды ал Сыдыковдун изделүүсү тууралуу фейсбуктагы маалыматтын алдындагы комментарийге.

Ольга Труханованын постунун алдындагы комментарийден скриншот.

Орусиядагы кыргыз элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова дагы ошол эле постко пикир калтырган. Анын айтымында, ТИМ Сыдыковду издөө үчүн ар тараптуу чара көрүү боюнча Кыргызстандын Казакстандагы Башкы консулдугуна кат жолдогон.

«Бул маселе ТИМдин көзөмөлүндө», — деп кошумчалады ал.

Сыдыковдун жоголушу

Буга чейин Казакстандагы нааразычылык учурунда кармалгандардын арасында дагы бир кыргызстандык — 46 жаштагы Чолпонбек Сыдыков аттуу жаран бар экени белгилүү болгон. Ал 8-январдан бери дайынсыз болууда.

Чолпонбек Сыдыков. Сүрөт: Orda.kz

Алматынын Айгүл Сартбаева аттуу жашоочусу досун издеп жатканын, ал Кыргызстанга кетип баратканда кармалганын кабарлаган.

«Чолпонбек Сыдыков Алматыда эмерек жасап иштечү. Ал акпейил, жакшы киши, эч кимге зыяны жок. 2022-жылы 8-январда убактылуу каттоосунун мөөнөтү бүткөн, ошол себептен Бишкекке, үйүнө кетмек болгон», — деп айтып берген.

Анын айтымында, таксист Сыдыковду шаардан чыга берген жердеги блокпосттон түшүргөн. Андан соң аны кармап кетишкен. Болжолу башаламандыктарга тиешеси бар-жогун аныктоо үчүн Кошмамбет айылындагы убактылуу кармоочу жайга алып кетишкен.

«Ал нааразылыктарга катышкан эмес, үйдөн чыкпай отурган, күбөлөр бар. Анын кармалганы тууралуу Кыргызстандын консулдугуна кабарлаганбыз, бирок азырынча табыла элек. Мен кабатырланып жатам, ага окшогон укугу чектелген алсыз кишиге башаламандыктарга катышты деген айыпты “оңой эле илип койсо болот”. Викрам Рузахуновдун окуясы дагы чочулатып турат. Эгерде ал белгилүү джазовый пианист эмес, Чолпонбек сыяктуу катардагы жумушчу болгондо эмне болмок? Жоголгонуна алты күн болду», — деген Айгүл Сартбаева.

ТИМдин расмий маалыматына караганда, Казакстанда массалык нааразылыктардан кийин беш кыргызстандык кармалган. Алардын бири, Викрам Рузахунов 10-январда бошотулган. Ал Кыргызстанга кайтып келген.

Калган төрт адам 15-январда бошотулган. Бирок алардын арасында Чолпонбек Сыдыков болгон эмес.

Андан тышкары, Казакстандагы нааразылыктар учурунда эки кыргыз жараны кайтыш болгон. ТИМдин маалыматына таянсак, алардын бири 32 жаштагы фитнес-тренер Азиз Мусаевге үйүнө кайтып келе жатканда ок тийген.

Бахтияр Базарбаевдин өлүмү тууралуу маалыматтар чектелүү, болгону Казакстанда жүргүнчү ташуу тармагында иштегени айтылган.

Дагы окуңуз:

Пианист Викрам Рузахунов: Чынында, тирүү, деним сак экенине кубанычтамын