«Лимонтинин» өлүмүнө айыпталган Талгат Шамиевдин туугандары митингге чыкты

20-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдына «Лимонти» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Алмаз Сулаймановду өлтүрүүгө шектелген Талгат Шамиевдин 50гө жакын туугандары чогулду. Алар сот эки жылга созулуп кеткенин айтып нааразы болушту.

Митингге чыккандар «Сот адилеттүүлүгүн ким көзөмөлдөйт?», «Сот окуя болгон жерде тергелиши керек эле», «Адилеттүүлүк орносун», «Шамиевге кайсы негизде топтун кылмышы айыбы тагылды?» деген транспаранттарды көтөрүп турушту.

Алардын бири Талгат Шамиев өзүн коргоп жатып, аффект абалында Сулаймановго бычак сайып алганын айтып, тергөөдө өзүн-өзү коргоо аракети каралбай жатканын билдирди.

«Шамиевдин кызы ооруп, унаасы менен аптекага баратканда Сулайманов алдынан чыгат. Экөөнүн унаасы кагыша кетет. “Лимонти” Нарында өзүнчө эле хан болуп алган. Ал келатканда астынан унаа чыкпашы керек. Анан Талгатты жакалап баштайт, “сен кимсиң менин машинамды каккандай? Мен деген Лимнотимин” дейт. Анан Талгат билет да атасын ким өлтүргөнүн. Эми ортосунда бир топ сөздөр болгон. “Лимонтинин” жанында бычагы бар экен. Талгатты саймакчы болгон. Биздин бала спорт менен машыккан, күчтүү бала. Аффект абалда өзүн коргойм деп Лимонтинин колун кайрып туруп, сайып салган», — деди ал.

Ошондой эле, ал сот алардын өтүнүчтөрүн четке кагып жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды.

«Эки айдан кийин туура эки жыл болот. Сотторго ишенбей мына балабыз оозун тигип атат. Сот адилеттүү болушун талап кылабыз. Азыркы сотко ишенбейбиз. Ким акча алган, эмне болуп жатат баарын божомолдоп билдик. Бул ишти Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев өз көзөмөлдөрүнө алуусун суранабыз. Биз башка эч кимге ишенбейбиз», — деди ал.

Шамиевдин чоң апасымын деп өзүн тааныштырган аял Талант Шамшиевге айып туура эмес тагылганын, ал «Лимонтини» топ балдар болуп өлтүрбөгөнүн айтат.

«Топ менен кылган деп эмнеге кошуп атышат. Өзү жалгыз кылгам деп мойнуна алып жатса. Термечиков эмне үчүн тергеп жатат? Бир жолку сотко келип алып уктап атат, бей капар. Жеп, ичип алгандын белгиси да», — деп көзүнө жаш алды ал.

Мындан сырткары, митингчилер сот отуруму жабык өткөнүнө нааразы болушту.

14-январда Биринчи май райондук соту айыпталуучу Талгат Шамиевди абактан бошотуу тууралуу өтүнүчүн четке кагып, абактагы бөгөт чарасын дагы эки айга узарткан. Буга нааразы болгон Шамшиев сот залында оозун тигүүгө аракет жасаган. Бирок коопсуздук кызматкерлери аны токтотуп калууга жетишишкен.

Ал нааразылык иретинде акчачылык жарыялаганы да маалымдалган. Бирок бул маалыматты 15-январда ЖАК четке каккан.

Окуя кандай болгон?

2020-жылдын март айында Нарында «Лимонти» каймана аты менен белгилүү болгон криминалдык төбөл Алмаз Сулайманов киши колдуу болгон.

Миициядан «Лимонти» менен Шамиев жолдо унаалары менен кагышып кетип, натыйжада айдоочулардын ортосунда кайым айтыш жаралганын билдиришкен.

«УКТнын мүчөсү унаасынан чыкканда аны бир нече жолу бычак менен сайышкан. Ал алган жараатынан улам жеринде каза тапкан. Шектүү сөөктү унаасына салып алып жергиликтүү РИИБге келип, өзү колго түшүп берген. Ал милицияга кирип адам өлтүргөнүн айткан. Ал 1998-жылы киши колдуу болгон Имаш Шамиевдин Талгат Шамиев деген уулу болуп чыкты. Ал бул кылмышты кылганы үчүн соттолгон Лимонтиден өч алганын билдирген», — деп кабарлашкан милициядан.

Айыпталуучу тергөөдө күнөөнү жарым-жартылай мойнуна алып, «Лимонти» ага бычак саюуга аракеттенгенгенде ал куралды колунан жулуп алып кримтөбөлдүн өзүнө кол салганын айткан.

Аталган ишти милиция бир жылдай тергеп Нарын райондук сотуна 2-февралда өткөрүп берген. Бирок ушул күнгө чейин сот чечими чыга элек.

Алмаз Сулайманов деген ким?

1999-жылы Алмаз Сулаймановго Нарын райондук сот тарабынан эки адамдын өмүрүн алуу, карактоо менен кол салуу жана опузалап акча алуу үчүн атуу өкүмү чыгарылган. Өлкөдө өлүм жазасына мораторий киргизилгенден кийин ага карата 25 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган.

Ал жаза мөөнөтүнүн көбүн өтөгөндүгүнө байланыштуу 2019-жылдын августунда Балыкчыдагы жатак-абагына которулган. Лимонти кантип Нарында болуп калганы жана эмне үчүн колонияда отурбаганы азырынча белгисиз.

ЖАКтан жооп беришкендей, анын жаза мөөнөтү 2023-жылы аякташы керек болчу.