Кримтөбөл Лимонтини өлтүрүүгө шектүү эки айга камакка алынды

Лимонти каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Алмаз Сулаймановду өлтүрүүгө шектелген Талгат Шамиев камакка алынды.

Ал 28-майга чейин УКМКнын ТИЗОсуна камалды. Мындай чечимди Биринчи май райсоту кабыл алды.

Уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү 28-мартта Нарында киши колдуу болгон. Нарын ОИИБнин маалыматы боюнча, ал бычак жеп каза тапкан.

Миициядан Лимонти менен Шамиев жолдо сүзүшүп кетип, натыйжада айдоочулардын ортосунда кайым айтыш жаралганын билдиришкен.

«УКТнын мүчөсү унаасынан чыкканда аны бир нече жолу бычак менен сайышкан. Ал алган жараатынан улам жеринде каза тапкан. Шектүү сөөктү машинасына салып алып жергиликтүү РИИБге келип, өзү колго түшүп берген. Ал милицияга кирип адам өлтүргөнүн айткан. Ал 1998-жылы киши колдуу болгон Имаш Шамиевдин Талгат Шамиев деген уулу болуп чыкты. Ал бул кылмышты кылганы үчүн соттолгон Лимонтидден өч алганын билдирген», — деп кабарлашты милициядан.

1999-жылы Алмаз Сулаймановго Нарын райондук сот тарабынан эки адамдын өмүрүн алуу, карактоо менен кол салуу жана опузалап акча алуу үчүн атуу өкүмү чыгарылган. Өлкөдө өлүм жазасына мораторий киргизилгенден кийин ага карата 25 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган.

Ал жаза мөөнөтүнүн көбүн өтөгөндүгүнө байланыштуу 2019-жылдын августунда Балыкчыдагы жатак-абагына которулган. Лимонти кантип Нарында болуп калганы жана эмне үчүн колонияда отурбаганы азырынча белгисиз.

ЖАМКтан жооп беришкендей, анын жаза мөөнөтү 2023-жылы аякташы керек болчу.