Эгергетика министрлиги менен «Росатом» Кыргызстанда АЭС куруу мүмкүнчүлүгүн караштырат

Кыргызстан менен Орусия кубаттуулугу чакан атомдук электр станция куруу жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу 20-январда Орусиянын «Росатом» мамлекеттик компаниясы расмий сайтында кабарлады. Документке «Росатом» менен Кыргызстандын Энергетика министрлиги Дубайдагы «Экспо-2020» эл аралык көргөзмөсүндө кол койгон.

«Меморандумдун алкагында […] тараптар Кыргызстандын аймагында РИТМ-200Н реактордук станциясынын базасында кубаттуулугу чакан атомдук электр страциясын куруу боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыктар экенин билдиришет», — деп айтылат «Росатомдун» маалыматында.

Кубаттуулугу чакан АЭС куруудан тышкары, меморандум Кыргызстандын өзөктүк инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошууну жана өзөктүк энергетика тармагындагы адистердин илимий-техникалык квалификациясын жогорулатууну камтыйт.

Энергетика министрлигин басма сөз кызматынан «Клооптун» журналисттине кубаттуулугу чакан АЭС куруу боюнча чечим кабыл алына электигин билдиришти. Чечимди экспертизадан, текшерүүдөн жана бардык баскычтагы коомдук талкуулардан кийин гана кабыл алууга болот.

«Азыркы этапта кыргыз тарап орусиялык атомчулардын келечектеги перспективалуу иштеп чыгууларын изилдөөгө гана кызыктар экени айтылганын баса белгилейбиз», — деп кабарлашты басма сөз кызматтан.

2019-жылы «ЮрАзия» компаниясы Ысык-Көл облусунда уран өндүрүүнү пландаган. Бирок Бишкекте уран өндүрүүгө каршы чыккан активисттердин митингинен кийин өкмөт компаниянын лицензиясын кайтарып алган. Ал эми ошондогу президент Сооронбай Жээнбеков уран жана торий өндүрүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзамга кол койгон.

Акыркы жолу уран жана торий өндүрүү демилгесин Энергетика министрлиги 2021-жылдын сентябрында көтөрүп чыккан. Анда министрлик кен иштетүүгө уруксат мамлекеттик компанияларга гана берилиши мүмкүндүгүн билдирген болчу.