Бишкек: Активисттер Кыргызстанда уран казууга каршы митингге чыгышты

50гө чукул адам Таш-Булак уран кенине каршы парламенттин алдына митингге чыгышты

200дөн ашуун адам Ысык-Көл облусундагы Таш-булак уран кенине каршы парламенттин алдына митингге чыгышты. Алар уран казуу Ысык-Көл облусунун айлана-чөйрөсүнө гана эмес, бүткүл өлкөнүн айлана-чөйрөсүнө зыян келтирет деп кооптонушууда. Бир нече митингдердин шартында өкмөт Таш-Булактан уран казып ала турган «ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын чакыртып алган: http://bit.ly/2VnIw5x

Posted by Kloop кыргызча on Thursday, April 25, 2019

200дөн ашуун адам Кыргызстанда уран казууга каршы парламенттин алдына митингге чыгып, андан ары аянтка өтүштү. Каршылык акциясына чыккандар «Биз уранга каршыбыз!», «Урандан уранды калат» деген плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

Активисттер митингге атайын 26-апрелде чыгышты — бул күнү 1986-жылы Украинанын Припять шаарына жакын жердеги Чернобыл атомдук электр станциясында авария болгон. Бул авариядан канча адам каза тапканы жана канча адам жабыркаганы тууралуу так маалымат жок, анткени расмий совет бийлиги көрсөткүч сандарды кемитип айткан, бирок масштабы 600 миңден ашуун адам болгон.

Бишкекте митингге чыккандар Чернобыл апаатынын курмандыктарынын элесине метроном күйгүзүп, бир мүнөт үн катпай турушту.

Андан кийин митингчилер өз талаптарын айтышты, эң негизгиси — бүткүл өлкө боюнча уран казууга жана кайра иштетүүгө толугу менен тыюу салуу. Активисттер өз резолюцияларын парламент менен президентке өткөрүп бериш үчүн кол топтошууда.

«Радиациянын алдында бардыгыбыз бирдейбиз. Жарандар Кыргызстанда уранды казууга жана кайра иштетүүгө толугу менен мыйзам чегинде тыюу салынышын колдошот. Биз бир кенди токтото алган күндө деле алар башкасын иштетишет. Ошондуктан толугу менен тыюу салыш керек. Мораторий жардам бербейт. Конституцияны 2020-жылга чейин өзгөртпөөгө мораторий киргизилген, бирок аны да өзгөртүштү», — деп билдирди митингдин уюштуруучусу Элери Битикчи.

Митингге келген дагы бир жарандын айтуусунда, ал митингге парламенттин депутаттары менен бийлик бул коркунучка тиешелүү түрдө көңүл бурбай жаткандыктан келген.

«Бул четте турууга болбой калган учур. Кеп биздин балдардын ден соолугу менен өлкөбүздүн келечеги жөнүндө болуп жатат. Кеп уранда деле эмес, кеп парламентте отурган жана өлкөнү сатып жибергенге даяр тургандар жөнүндө. Депутаттар элдин кызыкчылыгын коргошпойт. Бул аларга бары бир экенин айтып турат. Алардын чет өлкөдө хан сарайлары даяр, алар каалаган учурда Кыргызстандан чыгып кетип, бизди факт менен айтканда Чернобылда калтырып кетишет», — деп билдирди митингчилердин бирөөсү.

Дагы бир демонстранттын айтуусу боюнча, бийлик алаксытуу амалын кылып, «ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын чакыртып алгандыгы тууралуу жарыялаган. Ал уранды казуу уланат деп чочулап жатканын билдирди.

«Уран казууга макулдар уранды заманбап ыкма менен казуу престиждүү дешет. Бирок бул андай эмес. СССРдеги алгачкы бомбалар биздин урандан жасалган, бизде көптөгөн калдык сактагычтар калган, бул дагы тасир этет. Уран казуу — бул бөйрөгүңдү сатып эски унаа сатып алганга барабар», — деди активист.

Митинг аяктап калган учурда митингчилердин алдына парламенттин депутаты Алмамбет Шыкмаматов жана экс-депутат Равшан Жээнбеков келишти. Алар сөз сүйлөөгө аракет кылышканы менен уюштуруучулар аларга микрофон беришкен жок, анткени алар митингде саясий чакырыктар болушун каалашкан эмес.

Ысык-Көлдө уран казуу

Активисттердин митингге чыгуусуна Ысык-Көл облусундагы Таш-Булак уран кениндеги иштетүү себеп болгон. Уранды «ЮрАзия» компаниясы казыш керек эле. Бир нече митингдердин шартында өкмөт компаниянын лицензиясын чакыртып алган.

Ошондой эле өкмөт Таш-Булак уран кениндеги иштерди токтото турууну шарттаган чечим кабыл алган. Компаниянын имараттарынын бардыгына мөөр басылып, ал эми кызматкерлер кенден чыгарылган.

Өкмөт башчысы уран кениндеги иштердин айлана-чөйрөгө таасирин «дыкат» талдап чыга турган комиссия түзгөн.

Муну менен кошо парламенттин депутаттары уран казууга мораторий киргизүү боюнча эки мыйзам долбоорун демилгелешкен. Алардын бирөөсү өлкө боюнча 2070-жылга чейин уран казууга мораторий киргизүүнү шарттайт, ал эми экинчиси 20 жылга тыюу салып, Ысык-Көл облусу менен гана чектелет.

ТЕМА БОЮНЧА: