«Нур-Баткен» клубунун эки футболчусу жол кырсыгынан каза тапты

Сүрөт: «Нур-Баткен» футбол клубу

Баткен — Ош унаа жолунда 20-январь күнү кечинде жол кырсыктан Баткендин «Нур-Баткен» футбол клубунун оюнчулары Асадбек Алимов жана Жахонгир Махмудов каза болушту.

Футбол клуб кабарлагандай, алар 10-январдан 20-январга чейин Баткен шаарында болуп Өзбекстанда өтүүчү турнирге даярдык көрүшкөн. Кырсык болгон күнү Ош шаарындагы үйлөрүнө кайтып келе жатышкан. Алар беттешке чейин эс алып келүүнү каалашкан.

«Асадбектин жана Жахонгирдин жакындарына клубдун атынан, жалпы Баткен элинин атынан терен кайгыруу менен көнүл айтабыз. Жаткан жериңер жайлуу болсун. Ыйманынар саламат болсун», — деп билдиришти «Нур-Баткенден».

Эки футболчу тең мурда Ош шаарынын «Алай» футбол клубунда ойношкон. Алардын каза болгону белгилүү болгондон кийин калаа башчысы Алмаз Мамбетов да маркумдардын жакындарына көңүл айтты.

«Биз “Алай” футбол клубунун эки тарбиялануучусунун жол кырсыгынан улам жарык дүйнө менен кош айтышканын терең кайгыруу менен оор кабыл алдык. Каргашалуу кырсыктан көз жумган футболчулардын туугандарынын, жакындарынын, досторунун жана кесиптештеринин аза кайгысын тең бөлүшүп, сабыр тилейбиз», — деген ал.

Асадбек Алимов жана Жахонгир Махмудов

21 жаштагы Асадбек Алимов 2019-жылдын башында «Алайдын» резервдик курамында ойноп баштаган. Ал 2020-жылдын январында эмгекчил футболчу катары жогорку лигадагы негизги командага кошулуп, ушул күнгө чейин жогорку лигада ойноп келген.

Ал эми Жахонгир Махмудов декабарь айында гана 23 жашка толгон. Ал 2018-жылдын январь айында «Алайдын» резервдик командасына кирген. Махмудов командага жаңы кошулганда Кыргызстан кубогу оюнунда гол киргизип, «Алайдын» командасына жеңиш алып келген.

Бир күн мурун Чүй облусунун Жайыл районунда жол кырсыгынан 51 жаштагы эркек киши каза тапкан. Дагы эки киши жаракат алып ооруканага жеткирилген.

ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсык Бишкек — Ош унаа жолунун 152-чакырымында токойлуу тилкеде катталган. Анда Honda Stepwgn менен Nissan Cefiro унаалары кагышкан.