Жайыл районунда жол кырсыгынан бир адам каза болду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз борборунан 19-январда Чүй облусунун Жайыл районунда жол кырсыгынан 51 жаштагы эркек киши каза тапканын маалымдашты. Дагы эки киши жаракат алды.

ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсык Бишкек — Ош унаа жолунун 152-чакырымында токойлуу тилкеде катталды. Honda Stepwgn менен Nissan Cefiro унаалары кагышкан.

Кырсык болгон жерге куткаруучуларды даярдоо мамлекттик борборунан беш кызматкер тартылып, алар сөөктү унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришти.

Буга чейин, 17-январда Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жол кырсыгынан бир адам каза болуп, ал эми 22 жаштагы жигит жаракат алган.

ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсык Пограничная жана Биринчи май көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда «Жигулинин» айдоочусу рулду башкара албай калып жолдун четинде токтоп турган сүт ташыган унааны сүзгөн.