Сот акын Болот Назаровдун кармалышын мыйзамдуу деп тааныды

Свердлов райондук соту төкмө акын Болот Назаровдун кармалышын мыйзамдуу жана негиздүү деп тааныды. Бул тууралуу Бишкек шаардык соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Сотто Бишкек ШИИБдин акындын кармалышынын мыйзамдуулугу тууралуу өтүнмөсү 23-январда каралганын белгилешти. Натыйжада Бишкектин Свердлов райондук соту өтүнмөнү канааттандырган.

«Болот Назаровдун кармалышы мыйзамдуу жана негиздүү деп табылды», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Назаровдун кармалышы жана коё берилиши

Бишкек ШИИБинин маалыматы боюнча, Назаров 22-январда Жумабек жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинен кармалган. Милиция кызматкерлери төкмө акындын жанынан полителен баштыктагы гашиш табылганын билдирген.

Ошол эле күнү кармалган иликтөөчү-журналист Болот Темиров 23-январда Болот Назаровго да баңгизат салып коюшканын билдирген.

Бишкекте ШИИБдин алдында акынды колдоо митинги өткөн. Митингге катышкандардын арасында төкмө акындар да болгон, алар комуз менен бийликтин чектен чыгуусу жана Болот Назаров менен Болот Темировдун кармалышы тууралуу ырдашкан.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев алгач төкмө акынды наркоман деп атаган, митингчилердин нааразычылыган кийин гана Назаров шектүү экенин моюндаган.

Ошондой эле ал төкмө акын үй камагына чыгарын ырастап, Назаров бир саат аралыгында эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотулган.

Назаров өзүнүн кармалышын чыгармачылыгы менен байланыштырган. Акын буга чейин да бир нече жолу белгисиз адамдар кол салышканын, бир ирет эринин жарышканын айтты.

Төкмө акын Болот Назаров карапайым жарандардын жакырчылыгы, бийликтегилер жана коомдогу көйгөйлөр тууралуу төгүп ырдаганы менен белгилүү. Ал ырларынын биринде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди дагы сындаган.

Дагы окуңуз: «Баңгизат салып коюшту». Иликтөөчү Болот Темировду кеңсесинен кармап алып чыгып кетишти