«Баңгизат салып коюшту». Иликтөөчү Болот Темировду кеңсесинен кармап алып чыгып кетишти

Сүрөт: Азиза Раимбердиева/Kloop

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Temirov Live каналынын журналисти Болот Темировду кармап алып чыгып кетишти. Учурда аны кайсыл жакка алып барышары белгисиз.

Кызматкерлер алып чыгып баратканда Темиров ага «атайын баңгизат таштап коюшканын» жана компьютерлерин алып кетишкенин айтып кыйкырды.

Мындан сырткары кызматкерлер кеңседен компьютердин процессорун, буюмдарды жана документтерди алып кетишти. Буюмдардын баарына мөөр басылган эмес.

Кеңсенин ичинде болгон журналист Махабат Тажибек кызы кызматкерлер Темировдун чөнтөгүнө «баңгизат салганын» айтып, беткапчан, комуфляж кийген кызматкерлер «керек болсо баарыңарды камап салабыз» деп коркутканын белгиледи.

Тажибек кызы кызматкерлер алып кеткен компьютерлердин ичинде жакында жарыялана турчу иликтөөлөр бар экенин кошумчалады.

Temirov Live’дын командасы болуп жаткан окуяларды ишмердүүлүгү менен байланыштырышууда. Аз күн мурда эле журналисттер УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындарына байланыштуу иликтөөнү жарыялашкан болчу.

Temirov Live: Ташиев менен байланышы бар компания Өзбекстанга мазут сатып 37 млн сом тапты

ЧУКУЛ КАБАР: Temirov Live каналынын кеңсесине милиция кызматкерлери келди