ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстанды чек арада ок атууну тез арада токтотууга чакырды

Жааматтык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы ок атышууну тез арада токтотууга чакырды.

Ал Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Насрулло Махмудзода жана Кыргызстандын Коопсуздук Кеңештин катчысы Марат Иманкулов менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү белгилүү болду.

«Чек арада кайрадан башталган кагылыш олуттуу тынчсызданууну жаратууда, жарадар болгондор бар экен. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу тиреш тез арада токтотулушу керек», — деди Зась эки мамлекеттин бийлигине кайрылып.

Ал жаңжалды сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырды. Зась ЖККУ өлкөлөргө жаңжалды чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

«ЖККУ бул үчүн Кыргызстанга жана Тажикстанга жаңжалды жөнгө салууда керектүү жардам бергенге даяр. Эки өлкө жетекчилери — ЖККУ мүчөлөрү чек арадагы оор маселени чечүүнүн алгылыктуу жолдорун табат деп ишенем», — деп билдирди ал.

Чек арадагы ок атышуу

Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматы Баткен — Исфана авто жолунун Төрт-Көчө аймагындагы тилке саат 17:30дан 18:00ге чейин Тажикстандын чек арачылары тарабынан тосулганын маалымдады. Ага чейин жолго тажик жарандары таш төгүшкөнүн билдиришти.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол саат 19:30да ачылган. Бирок кайра эле саат 19:35 чамасында кырдаал курчуп кеткен.

Тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан. Ошондон кийин

Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө аймактарында ок атышуу башталган.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тажик тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатканын маалымдашты. Учурда абал чыңалуу бойдон калууда, чек ара отряддары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

Ок атышуу башталгандан кийин Баткен облусунун чек арага чектеш Орто-Боз, Көк-Терек, Үч-Дөбө, Ак-Татыр айылдарынын тургундары үйлөрүн өз алдынча таштап кетип башташкан.

Учурда жергиликтүү бийлик чек ара чектеш айылдардын тургундарын коопсуз жайга көчүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Кырдаалга байланыштуу облустук штаб да түзүлдү.

Ал эми президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Туллаев жаңжалга чейин Тажикстан макулдашпай чек арага жакын аймакта курулуш иштерин баштаганын билдирди.

«Күч түзүмдөрү барып эскертүү берип, “тынч жаткан элди дүрбөлөңгө салбай, чагымчылдыккка барбай токтотуп тургула” деген эскертүүсүнө баш ийбей уланта баштаган. Ошол жерде жашаган эл жолго чыгып жолду тосуп алган», — деп түшүндүрдү ал.