Президенттин Баткендеги өкүлчүлүгү: Облустук штаб түзүлүп, эвакуация башталды

Архивдик сүрөт. Автору: Kloop

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн чек арадагы кырдаалга байланыштуу атайын штаб түзүлгөнүн билдиришти. Маалыматка ылайык, абал учурда чыңалуу бойдон, эки тараптан топтолгон жарандар тарай элек.

«Чыр чатак орун алган аймактан элдерди коопсуз жайларга көчүрүү боюнча ыкчам аракеттер көрүлүп, чек аралаш аймактан азыркы учурда коопсуз жайга чыгарылууда. Учурда Ош — Баткен — Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык. Чек арада эки тараптын сүйлөшүүсү күтүлүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, Баткен — Исфана авто жолунун Төрт-Көчө аймагындагы тилке саат 17:30дан 18:00ге чейин Тажикстандын чек арачылары тарабынан тосулган. Саат 17:50 чамасында тажик жарандары аймакка таш төгүшкөн.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол саат 19:30да ачылган.

Бирок кайра эле саат 19:35 чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө аймактарында орун алып жатат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тажик тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатканын маалымдашты.

Учурда абал чыңалуу бойдон калууда, чек ара отряддары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

Ок атышуу башталгандан кийин Баткен облусунун чек арага чектеш Орто-Боз, Көк-Терек, Үч-Дөбө, Ак-Татыр айылдарынын тургундары үйлөрүн өз алдынча таштап кетип башташты. Бул тууралуу жергиликтүү журналист Миңгүл Көчөрова Фейсбук барагында билдирди.

Тажикстандын «Озоди» басылмасы Исфара районунун администрациясына жана жашоочуларына таянып, алгач жолду кыргызстандыктар тосуп алганын жазды.