Баткен: Тажик аскерлеринин миномёт менен аткылоосунан кыргыз жаранынын үйү өрттөндү

Кыргызстандын УКМКсына караштуу Чек ара кызматынан тажик аскерлеринин миномёт менен аткылоосунан Көчө-Бою айылындагы кыргыз жаранынын үйү өрттөнүп кеткенин билдиришти.

Саат 23:00гө алынган маалыматка ылайык, тажик аскерлери дагы деле кыргыз тарапка ок атып жатат. Атышуу Эки-Таш, Кум-Базар, Чыр-Дөбө аймактарында болуп жатат.

Саламаттык министрлигинен ок атышуудан төрт аскер жарадар болгонун билдиришти, учурда аларды тез жардам унаасы менен Баткен облустук ооруканасына алып келе жатышат.

Ал эми Тажикстандын «Озоди» радиосу өз булактарына таянып, чек арадагы атышуудан тажик тараптан бир жай тургун каза тапканын жазды. Маалыматты Чоркух жамаатынын башчысы да ырастап, 36 жаштагы Обиджон Туйчиев көз жумганын билдирди.

Саат 21:45те тажик тараптын демилгеси менен УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев жана Тажикстандын Чек ара аскерлеринин командири Раджабали Рахмонали телефондо сүйлөшүшкөн.

Анда тажик тарап ок чыгарууну токтотууну суранган. Анткен менен саат 22:30га карата тажик аскерлери мезгил-мезгили менен ички аскерлерге ок чыгарууну улантышкан.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн куралдарын жана күчтөрүн колдонуп жатканын белгиледи.

«Чек арачылардын штаттык даярдыгына кирбеген миномётторду пайдалануу, Тажикстандын УКМКсы Тажикстандын куралдуу күчтөрүн колдонуп жатканын көрсөтөт. Бул болсо өлкөлөр ортосундагы эл аралык жана эки өлкө ортосундагы келишимдерди одоно бузуу болуп саналат», — деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Акыркы сааттарга алынган маалымат боюнча тажик тарап электр мамыларын жана чек ара заставаларын мээлеп миномёттон аткылап жатат. Кыргыз тараптын ок атууну токтотуу тууралуу талабын жоопсуз калтырышууда.

Учурда Баткен облусунун жана Тажикстандын Согдий облусунун башчыларынын жолугушуусу күтүлүүдө.