Чек ара кызматы: Тажик тарап Кыргызстандын ички аскерлеринин позициясын аткылоону улантууда

Архивдик сүрөт

УКМКнын Чек ара кызматы тажик тарап Кыргызстандын ички аскерлеринин позициясын аткылоону улантып жатканын билдирди. Ок атуулар Эки-Таш, Кум-Базар, Чыр-Дөбө аймактарында орун алып жатат.

Маалыматка караганда, саат 21:45те тажик тараптын демилгеси менен УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев жана Тажикстандын Чек ара аскерлеринин командири Раджабали Рахмонали телефондо сүйлөшүшкөн.

Анда тажик тарап ок чыгарууну токтотууну суранган. Анткен менен саат 22:30га карата тажик аскерлери мезгил-мезгили менен ички аскерлерге ок чыгарууну улантышкан.

Учурда Баткен облусунун жана Тажикстандын Согдий облусунун башчыларынын жолугушуусу күтүлүүдө.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн куралдарын жана күчтөрүн колдонуп жатканын белгиледи.

«Чек арачылардын штаттык даярдыгына кирбеген миномётторду пайдалануу, Тажикстандын УКМКсы Тажикстандын куралдуу күчтөрүн колдонуп жатканын көрсөтөт. Бул болсо өлкөлөр ортосундагы эл аралык жана эки өлкө ортосундагы келишимдерди одоно бузуу болуп саналат», — деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Акыркы сааттарга алынган маалымат боюнча тажик тарап электр мамыларын жана чек ара заставаларын мээлеп миномёттон аткылап жатат. Кыргыз тараптын ок атууну токтотуу тууралуу талабын жоопсуз калтырышууда.

ДАГЫ ОКУҢУЗ:

Баткен облусунун саламаттык сактоо мекемелери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстанды чек арада ок атууну тез арада токтотууга чакырды

Баткен: Чек арадагы кырдаалдан улам алты айылда электр жарыгы өчтү

Чек арадагы ок атышуу. Тажикстандын тургундарынын версиясы

Президенттин Баткендеги өкүлчүлүгү: Облустук штаб түзүлүп, эвакуация башталды