Чек ара кызматы: Тажикстан чалгындоо максатында учкучсуз учактарды колдонуп жүргөн

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстандын УКМКнын Чек ара кызматы 28-январда Тажикстандын чек арачылары өлкөнүн аймагында чалгындоо жүргүүзүү максатында акыркы учурда учкучсуз аппараттарды колдонуп жүргөнүн билдирди.

Буга чейин Тажикстандын Чек ара кызматы «Кыргызстандын учкучсуз учактары Тажикстандын аба мейкиндигин бузуу менен учуп жүргөнү катталды» деп маалымдаган. Кыргыз тарап Тажикстан «маалыматты бурмалап жатат» деп жооп кылды.

«"Кыргызстан учкучсуз аппараттарды колдонуп жатат" деген маалыматты тажик басылмалары таратып жатат. Муну менен алар Тажикстан миномёт жана гранатомётторду колдонгонун жашыруу үчүн коомчулуктун көңүлүн башкага буруп жатат», — деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Ошондой эле Кыргызстандын Чек ара кызматы акыркы убакта кыргыз-тажик чек арасында «чагымчылдык көбөйгөнүн» белгиледи. Мекемеден «тажик бийлиги кырдаалды турукташтыруунун ордуна анын күчөшүнө салым кошкон» деп эсептейт.

«Буга 2022-жылдын 27-январында Баткен — Исфана унаа жолунун Баткен районунун Төрт-Көчө тилкесинде Тажикстандын жарандары тарабынан жолду тосуу окуясы мисал боло алат. Эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында окуя жөнгө салынып, Тажикстандын жарандары жолду ачышкан. Бирок, тажик чек арачылары курал колдонуу менен Кыргызстандын аскерлерине биринчилерден болуп ок аткан», — деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Кыргызстандын Чек ара кызматы аталган окуя чагымчылдык мүнөзгө ээ экенин, анын жоопкерчилиги толугу менен Тажикстандын УКМКсынын жетекчилигине жүктөлөөрүн билдиришти.

Мындан сырткары, мекемеден тажик тарап кыргыз-тажик чек арасына аскердик техникасын, курал-жарагын жана аскерий күчтөрүн тартып жатканын белгилешти.

«Террордук уюмдардын 8 миңге жакын согушчандары топтолуп турган тажик-ооган чек ара тилкесин бекемдөөнүн ордуна, тажик тарап, кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакты күчөтүүгө бел байлап жатканы өзгөчө тынчсыздандырууда», — деп маалымдашты ведомстводон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Эки өлкөнүн версиясы: Жаңжал эмнеден улам чыкты жана ок атууну ким баштады?