Эки өлкөнүн версиясы: Жаңжал эмнеден улам чыкты жана ок атууну ким баштады?

Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматтары 27-январдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал менен ок атуунун себебин айтып, бири-бирин күнөөлөштү. Биз бул материалда эки өлкөнүн расмий органдарынын версиясын чогулттук.

Жаңжал эмнеден улам башталган?

Кыргызстандын версиясы:

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 27-январда Төрт-Көчө жерлигине тажик жарандары оор жүк ташуучу автоунаасына таш жүктөп келишкендигин маалымдайт.

Тажик жарандары таштарды Баткен — Исфана авто жолуна түшүрүп жолду саат 17:30дан 18:00ге жабышкан. Аларды Тажикстандын чек арачылары коштоп жүргөн.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол саат 19:30да ачылган. Бирок кайра эле саат 19:35 чамасында кырдаал курчуп кеткен.

Тажикстандын версиясы:

Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынан билдиришкендей, 27-январда болжолдуу саат 17:20да Кыргызстандын Баткен облусунун Аксай айылдык кеңешинин тургундарынан турган 50 адамдын белгисиз тобу Ходжаи-Аъло калктуу пунктунун аймагындагы көпүрөдө тажик жаранын «Портер» үлгүсүндөгү унаасын мажбурлап токтоткон. Ал кум жүктөп Тажикстандын аймагындагы Ходжаи-Аъло калктуу конушунан Исфара районундагы Сомониён айылына бараткан.

Кыргызстандын жарандарынын мындай укуктан тыш аракеттерине жол бербөө үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын мүчөлөрүнүн деңгээлинде жана Тажикстандын Согди облусунун Исфара шаарынын укук коргоо органдарынын жолугушуусу пландалган. Бирок кыргыз тарап жолугушууга келбей койгон.

Куралды кайсы тарап биринчи колдонгон?

Кыргызстандын версиясы:

Эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин жаңжал чечилгенине карабай, тажик тарап чек аранын башка тарабында миномёт жана гранатомёт менен кыргыз чек арасы тарапка ок ата баштаган. Андан соң тажик аскерлери Төрт-Көчө аймагында кыргыз чек арачыларына ок чыгарган.

Тажикстандын аскерлеринин аракетине жеринде Согди облусунун губернатору баш-көз болуп турган. Бул күн мурун атайылап даярдалган чагымчылдык экенин тастыктайт.

Тажикстандын версиясы:

Кыргыз тарап жолугушууга келген жок. Анын ордуна саат 18:10до жогоруда аталган көпүрөнүн айланасында ок атуу позициясын ээлеп турган кыргыз чек арачылары Тажикстандын жай тургундарына өздөрүнүн ок атуу куралдары менен ок чыгарышкан.

Ок атышуулар дагы деле уланып жатабы?

Кыргызстандын версиясы:

Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматынан макулдашууга карабай тажик тарап кыргыз аскерлери жайгашкан позицияга ок атууну токтопой жатышканын билдирди.

27-январь саат 23:50дө Кыргызстан менен Тажикстан макулдашып ок атышууну 10 мүнөткө токтоткон. Бул убакта президентинин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун губернатору Раджоббой Ахмадзоданын жана эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу болуусу пландаштырылган.

Бирок ошого карабай тажик тарап эки тараптуу макулдашууну кайрадан бузуп ок чыгарууну уланткан.

Чек ара кызматы маалымдагандай, 2022-жылдын 28-январына карата саат 00:20 карата эки тараптын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу Көчө-Бою жана Дахма жерлигинде болуп жатат.

Тажикстандын версиясы:

Азыркы убакта Кыргызстан тараптан ок атуунун тездиги байкалып жатат. Айрым аскер бөлүктөрү менен тарамдары, анын ичинде аскер техникалары Баткен облусунун чек арага чектеш аймактарында орун которгону белгиленүүдө.

Азыркы убакта кыргыз тараптан жергиликтүү тургундарды, автотранспортторду жана ар кандай инфраструктуралык объектилерди көздөй тынымсыз ок атуу болууда. Чек ара тарамдарын миномёттук аткылоо болууда.

Ок атышуудан эки тараптан тең жарадарлар бар

Саат 23:15ке карата Саламаттык сактоо министрлиги чек арадагы ок атышуунун кесепетинин төрт кыргыз аскери жаракат алганын билдирген. Аларга жардыруучу заттын сыныктары тийгени бегилүү болгон.

Ал эми «Спутник Тажикстан» басылмасы чек арадагы атышуудан жарат алгандардын саны 13 адамга жеткенин жазды. Алардын 11и аскер кызматкери болсо, экөө жай тургун.

Ошондой эле, басылма Сомониён айылында бир адам каза болгонун жана Исфара шаарынын мэринин жардамчысына да ок тийгенин билдирди.