Чек арадагы чыр: Камчыбек Ташиев Баткенге барганы кабарланды

28-январда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан Баткен облусуна барды. Бул тууралуу Кыргызстандын ЖМКлары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы абалга байланыштуу ыкчам жыйынга катышат.

Түн ичинде Кыргызстандын Чек ара кызматы Кыргызстан менен Тажикстан ок атууну толук токтотуу жана жаңжалдын алдын алуу үчүн биргеликте патрулдук көзөмөл жүргүзүүнү макулдашканын кабарлаган.

28-январь саат 8:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экени кабарланды. Ал эми Баткен облустук ооруканасына чек арадагы ок атууда жабыркаган 11 адам жаткырылган. Түрдүү жараат алган жарандардын абалы орточо деп бааланууда.

Чек арадагы жаңжал

27-январда Баткен районунун кыргыз-тажик чек арасына чектеш аймактарда чыр чыккан. Алгач саат 17:50дөрдө Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары келип, таштар менен Баткен — Исфана автожолун тосуп алышкан. Тажик чек арачылары болсо жаңжалды кыргыз тарап ырбатты деп билдирген.

Саат 19:30да эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин жаңжал чечилгенине карабай, ок атуу башталган. Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик аскерлери ок ата баштаган деп ишендирүүдө. Ал эми Тажикстандын чек арачылары кыргыз аскерлери биринчи ок чыгарган деп билдирген.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан миномёт жана гранатомёт менен ок ата баштаганын билдирген. Чек арачылар аталган окуя чагымчылдык мүнөзгө ээ экенин, анын жоопкерчилиги толугу менен Тажикстандын УКМКсынын жетекчилигине жүктөлөөрүн билдиришкен.

Кыргызстандын Чек ара кызматы «эки тараптын жарандары жабыркаган кагылышуунун тажик тарап атайылап уюштурду» деп белгилеген.

«Ошол эле учурда, тажик тарап учкучсуз учактарды колдонуу тууралуу маалыматты бурмалап жатат. Тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагында учкучсуз учактарды чалгындоо максатында колдонуп жатканы тууралуу маалымат Тажикстандын УКМКсына кабарланган», — деп айтылат билдирүүдө.

Тажикстандын чек арачылары кыргыз тарап ок атууну токтотпой, учкучсуз учуучу учактарды колдонуп Тажикстандын аба мейкиндигин бузду деп билдирген.