Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы ок атууну токтотууну макулдашышты

2021-жылдын 17-майында тартылган архивдик сүрөт

УКМКнын Чек ара кызматы Кыргызстан жана Тажикстандын бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунудагы жолугушуу аяктап, анын жыйынтыгы менен ок атууну токтотуу макулдашылганы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Кыргызстан тараптан президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Чек ара кызматынын облустагы өкүлү Кыялбек Төлөнбаев, ал эми Тажикстан тарабынан Согди облусунун губернатору Раджоббой Ахмадзода жана өлкөнүн Чек ара кызматынын өкүлү катышкан. Эки тарап төмөнкүлөрдү макулдашышты:

  • ок атууну токтотуу;
  • эки тараптын чек арага тартылган кошумча күч жана каражаттарын мурдагы жайгашкан жерлерине алып кетүү;
  • Баткен — Исфана автожол каттамын ачуу;
  • чыр-чатактардын күчөп кетпөөсүн алдын-алып чектеш аймактарда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери биргеликте кайгуул уюштуруу.

«Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара тарамдары кырдаал туруташканга чейин күчөтүлгөн тартипте кызматын уланта беришет», — деп билдиришти Кыргызстандын Чек ара кызматынан.

27-январда Баткен районунун кыргыз-тажик чек арасына чектеш аймактарда чыр чыккан. Алгач саат 17:50дөрдө Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары келип, таштар менен Баткен — Исфана автожолун тосуп алышкан. Аларды тажик чек арачылары коштоп келген. Эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунан кийин автожол кыймыл үчүн ачылган.

Эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин жаңжал чечилгенине карабай, тажик тарап чек аранын башка тарабында миномёт жана гранатомёт менен кыргыз чек арасы тарапка ок ата баштаган. Андан соң тажик аскерлери Төрт-Көчө аймагында кыргыз чек арачыларына ок чыгарган.

Учурда Кыргызстан тарабынан 7 киши жарадар болуп, ооруканага жеткирилгени кабарланууда. Ал эми чек арага чектеш жайгашкан айылдардын 1 470 тургуну коопсуз аймактарга эвакуацияланган.

Ал эми тажик тарап чек арадагы атышуудан жарат алгандардын саны 13 адамга жеткенин билдирди — алардын 11и аскер, экөө жай тургун. Ошондой эле, Сомониён айылында бир адам каза тапканы жана Исфара шаарынын мэринин жардамчысына да ок тийгенин кабарланды.

Көп өтпөй Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматы билдирүү таратып, акыркы убакта кыргыз-тажик чек арасында «чагымчылдык көбөйгөнүн» белгилеген. Мекеме «тажик бийлиги кырдаалды турукташтыруунун ордуна анын күчөшүнө салым кошкон» деп эсептейт.

Ошондой эле Чек ара кызматы аталган окуя чагымчылдык мүнөзгө ээ экенин, анын жоопкерчилиги толугу менен Тажикстандын УКМКсынын жетекчилигине жүктөлөөрүн билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Эки өлкөнүн версиясы: Жаңжал эмнеден улам чыкты жана ок атууну ким баштады?