COVID-19: Акыркы суткада беш адам каза болду, 356 жаңы учур катталды

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 28-январга карата коронавирустан беш адам каза болду, жуктуруунун 356 жаңы учуру катталды.

  • Бишкек шаарында — 216;
  • Чүй облусунда — 88;
  • Жалал-Абад облусунда — 14;
  • Ысык-Көл облусунда — 14;
  • Баткен облусунда — 12;
  • Талас облусунда — 5;
  • Ош облусу — 4;
  • Ош шаарында — 3.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 197 437ге жетти. Өлкө боюнча 185 771 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 867 адам көз жумду.

Акыркы суткада илдеттен 604 бейтап айыгып чыкты. Учурда 1 104 бейтап ооруканада, ал эми 6 180 киши үй шартында дарыланууда.

Ошондой эле, 28-январга карата 10 377 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 6 737 адам биринчи, 825 киши экинчи дозасын, ал эми 2 815 адам бустердик доза алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.