«Абадан оорукана жасаган». Реформанын айынан Бейшеналиев менен Жумабеков чырдаша кетти

3-февралда Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков жыйын өткөрүп, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ал тууралуу айткандарын «жалган жалаа» деп атады. Министр буга чейин Жумабековду «борборду менчиктештирип алган» деп айыптаган.

Сабырбек Жумабеков.

Алымкадыр Бейшеналиев эмне деген?

2-февралда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Kaktus Media басылмасына маек куруп, Сабырбек Жумабеков Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборун менчиктештирип, туугандарын жана жакын тааныштарын жумушка коюп алганын айтып сындаган.

Алымкадыр Бейшеналиев.

«Азыр элдин баары көйгөйдүн түп нускасын билбей туруп, Сабырбек Жумабековду жакташат. Алар реорганизацияны академик Сабырбек Жумабековтун жасаган иштеринин негизинде гана баалашат. Мен коллектив менен жолугуп, өзүнүн адамдары гана отурарын түшүндүрдүм. Кыргызстандын эли өзүнүн тааныш-билиштерин жана туугандарын койгонун билет. Жумабеков оорукананы менчиктештирип алган. Эл ушинтип айтып жатат», — деген министр.

Ошондой эле, министр Сабырбек Жумабековго кызматтан өз каалоосу менен кетүүнү сунуштаганын билдирген.

«Жумабековдон “сизди директор кылып ким дайындады? деп сурадым. Аны [ошол кезде Бишкек шаарынын мэри болгон] Иса Өмүркулов дайындаган экен. Ошондон кийин өзүн директор кылып койгон экен. Орун басарларды, бөлүм башчыларды өзү дайындайт экен. Мен айтам: “кимге отчёт бересиң, өзүңдү кызматка койгондон кийин өзүңдү иштен ал”. Саламаттык сактоо министри катары мен сени кызматтан ала албайм, анткени мен дайындаган эмесмин», — деп Жумабеков менен болгон сүйлөшүүсүн ачыктаган министр.

Бейшеналиевдин айтымында, Жумабеков өз кезинде бозгун президент Аскар Акаев менен «тааныш» болгонунан пайдаланып «абадан оорукана жасаган». Ошондой эле министр борборду каржылоого Саламаттык сактоо министрлигинен жылына 149 млн сом бөлүнүп келерин айтат.

«Мас» министр жана бейтаптардын нааразычылыгы

Ошол эле күнү кечинде социалдык тармактарда Сабырбек Жумабековдун бейтаптар менен кезигип, эртең менен министр «ооруканага мас абалда келип кеткенин» айтып берип жаткан видеосу тараган. Анда Жумабеков бейтаптарды күттүрүп коюп, министр менен сүйлөшкөнү барууга аргасыз экенин айтып түшүндүргөн.

«Мени жумуштан кетиришти, оорукананы таркатышат деген кептер тарап жатканын уксаңыз керек. Кечээ мен жумушта жокто министр эскертүүсүз беш мүнөттүк жыйынга келиптир. Эртең менен саат сегизде келип, ар кандай сөздөрдү айтыптыр, мас экен. Менин иштей беришимди каалайсыңарбы?», — деп суроо салган ал бейтаптарга.

Жумабековдун суроосуна бейтаптардын баары «сиздин иштешиңизди каалайбыз» деп жооп беришкен. Алардын бири үй-бүлөсү менен экинчи топтогу майып экенин айтып, ооруганына байланыштуу Жумабековго келгенин айткан. Ошондой эле, ал Жумабековду кызматтан алуу «адилетсиз» деп эсептейт.

«Алымкадыр Бешеналиевдин 5-6 жолу жеке кабыл алуусунда болгом. Ал мени жакшы тааныйт. Биз үй бүлөбүз менен майыппыз. Мен ооруганымдан ушул жерге келип отурам. Сиздин бул кылганыңыз уяты жоктук жана адилетсиздик. Ушул жерде турган адамдарга боорукерлик барбы? Бирибиз баспай, бирибизди түртүп кезекке туруп келип атсак мындай болбойт. Менин жолдошум операция болот дегенде сизди 1,5 саат күткөнбүз. Сиздей министрдин бизге кереги жок. Андан көрө өзүңүздүн сыйыңыз менен эле бул кызматтан кетишиңизди каалайм», — деген бейтаптардын бири.

Жумабековдун маалымат жыйыны

Ал эми 3-февралда Сабырбек Жумабеков Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жыйын өткөрдү. Ал Бейшеналиевдин айткандарын четке кагып, министр «негизсиз күнөө коюп жатат» деп айыптады.

Жумабековдун маалымат жыйын куруп жаткан учуру.

«Жакында эле министр тарабынан мага дагы катуу сөздөр айтылды. Эки күн мен үн каткан жокмун, ал адамдын өзү менен дагы жолукканга аракет кылдым. Бирок мага жолуккусу дагы келген жок. Бул оорукана меники эмес мамлекеттики. Бул жердин бир дагы мыгы меники эмес», — деди ал.

Ошондой эле, ал бозгун президент Аскар Акаевдин демилгеси менен 2004-жылы илим-изилдөө борбору түзүлгөнүн айтты. Ошол эле жылы Бишкек шаарынын мэри жана шаардык кеңеш аны директор кылып шайлаганын белгиледи.

«Мен 2011-жылы Саламаттык сактоо министри болуп бир жыл иштегем. Министрликтен кеткенде, ал кезде Иса Өмүркулов мэр болуп турган. Ошол мени кайра ушул кызматка дайындаган», — дейт ал.

Жумабеков бул боюнча президент Садыр Жапаровго дагы кайрылып, кызматтан кеткенге даяр экенин белгилеп, бирок борборду сактап калууга аракет кыларын айтты.

«Ооруканада бир дагы илимий иш болгон эмес. Биздин илимий борборго Борбор Азия өлкөлөрүнөн илимдерин алып келип жакташат. Мэрия дагы оңдоп-түзөө иштерине жардам берип келет. Эң негизгиси биз милдетибизди жакшы жасап атабыз. Буга чейин көп иштерди аткардык. Эми министрдин айткан сөзүнө бир гана жообум “жалган” деп айтам. Министр өтө жаңылышып атат», — деди ал.

Дарыгерлердин митинги

Ал арада Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун дарыгерлери борборду Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы катары кайра түзүүгө каршы экенин айтып, митингге чыгышты.

Борбордун илим боюнча директору Жаныш Сулайманов борборду жоюу «артка жасалган кадам, реформа эмес» деп белгиледи. Ал Жумабеков кызматтан алынса, борбордун кызматкерлери кескин кадамдарга барууга даяр экенин эскертти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин реформасына каршы митинг биринчи жолу болуп жаткан жок. Үстүбүздөгү жылдын 1-февралында өкмөт үйүнүн жанында эмчек рагы менен ооруган аялдардын митинги өткөн.

Алар Улуттук онкология жана гематология борборунуна караштуу Маммология борборунун жабылышына каршы митинг өткөн. Митингдин катышуучулары мындай өзгөрүүлөрдөн кийин алар кезекке туруп, айрым процедуралар бекер эмес болуп калганын айтышкан.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен да реорганизация ведомствого караштуу илимий мекемелерди оптималдаштыруу максатында жасалганын билдиришкен.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборун трансформациялоо «калкты сапаттуу медициналык жардам менен камсыздоо максатында» жүргүзүлүп жатканын билдирүүдө.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Саламаттык сактоо министрлиги ооруканаларды кантип жакшыртат? Түшүндүрөбүз