IT-мамкомпаниянын экс-башчысы бюджеттен 100 млн сом ыйгарып алууга шектелип кармалды

УКМКнын кызматкерлери «Соцсервис» мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Аман Абдылдаевди кармады. Ага «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси менен айып тагылды.

УКМК 2020-жылы өкмөт Санарип өнүктүрүү министрлигинин түзүмүнө караштуу «Соцсервис» мамлекеттик ишканасына 100 миллион сом каражат бөлгөнүн билдирди. Бул каражатка «Соцсервис» ишканасы «социалдык тармакты жөнгө салуучу мамлекеттик органдардын маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизиши» керек эле.

Бирок «Соцсервис» ишканасынын жетекчилиги кылмыштуу бүтүмгө барып, бюджеттен бөлүнгөн каражатты «мыйзамсыз чыгарып, өзүнө ыйгарып алган» деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

УКМК иликтөө мурдагы директордун күнөөсүн тастыктаганын билдирди.

«Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө маалыматтык системалардын көпчүлүгү иштелип чыкпаганы, ишке кирбегени, муну менен мамлекетке миллиондогон доллар зыян келтирилгени аныкталып, санариптик трансформация боюнча стратегиялык мааниге ээ болгон “Санариптик Кыргызстан 2019-2023” мамлекеттик программасын ишке ашыруу негизсиз созулуп кеткени аныкталды», — деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.

Абдылдаев УКМКнын тергөө изоляторунун убакытылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал арада тергөө кылмышка тиешеси бар адамдардын тек-жайын аныктоого аракет кылып, келтирилген зыяндын так өлчөмүн эсептөө үчүн аудитордук текшерүү жүргүзгөнү жатат.

Аман Абдылдаев «Соцсерсивтин» директорлугунан 2021-жылдын апрелинде бошотулган. Мындан тышкары, дагы үч мамлекеттик IT-компаниянын директорлору ээлеген кызматынан четтетилген. Буга натыйжасыз башкаруу себеп экени айтылган.

«Үч жыл аралыгында алар республикалык бюджеттен каржыланып келишти. Демек, каражат табууга аракет да кылышкан эмес. Быйыл дагы ушул мамлекеттик мекемелерди каржылоого 150 миллион сомго жакын каражат сурашты. Ошол эле учурда, алардын ар биринде 25-30дан ашпаган кызматкер иштейт. Арасында алты-жетиси гана программист, калган кызматкерлер — административдик персонал», — деп билдирген өкмөттүк аппараттын санарип трансформациялоо бөлүмүнүн башчысы Таалай Байтереков 27-апрелде.