Өкмөттүн IT-тармагындагы беш мекеме башчысын бошотууга эмне себеп болгону айтылды

Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы өз мекемелеринин бир катар директорлору кызматтан бошотулганын кабарлады. Бирок алардын аты-жөнүн, мекемелердин аталыштарын ачыктаган жок.

Буга чейин бир нече жалпыга маалымдоо каражаты «Түндүк» (Нурия Кутнаева), «Инфосистема» (Руслан Токочев), «Соцсервис» (Аман Абдылдаев), «Транском» (Максат Осмонов) жана «Укук» (Улугбек Юсупов) мамлекеттик ишканаларынын директорлору кызматынан кетирилгени жөнүндө өз булактарына таянып маалымдашкан.

Нурия Кутнаеванын жумуштан бошотулганы тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.

«Эгер мага бийлик менен IT-адистердин бирин танда деп айтышса, мен IT-адистерин тандайм. Мен аларга алда канча көбүрөөк ишенем. Нурия Кутнаева дүйнөлүк деңгээлдеги адис! Ал ишке жан дилиң менен берилип иштөө жалпы өлкө үчүн жакшы жыйынтык берерин өз эмгеги менен далилдеди», — деди Журабаева.

Жумуштан кетирүүнүн себептери

Мамкызмат түшүндүргөндөй, мындай чечим санариптик өнүктүрүү кызматына тиешелүү ведомстволук өндүрүштүн ишин анализдөөдөн кийин кабыл алынган. Анализ айрым ишканаларда мамлекеттик маалымат тутумдарын иштеп чыгуу функциялары кайталанып келгенин көрсөткөн.

«Милдеттүү эмес каржылык жана административдик чыгымдар аныкталган. Мындан тышкары, айрым мамлекеттик ишканалар өзүн-өзү каржылап ишмердигин жүргүзүшсө, калгандары мамлекеттик бюджеттин түздөн-түз субсидиясынын эсебинен камсыздалышкан», — деп кызматтан билдиришти.

Кызматтан ишкана директорлору өкмөттүн жарлыгы менен «башкарууну жана штаттык тизмени оптимизациялоо, ошондой эле административдик жана операциялык булактарды үнөмдөө» максатында ээлеген кызматтарынан алынган.

Ага карабай, ишканалар жана кызматкерлер штаттык режимде иштеп жатышат.