Президент Тажикстандагы элчини мөөнөтү аяктагандыктан кызматынан бошотту

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбековду ээлеген кызматынан бошотту. Бул тууралуу 2-февралда мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Клоопко» Рустенбеков ыйгарым укуктарын аткаруу мөөнөтү аяктагандыктан кызматтан алынды деп түшүндүрдү. Жаныш Рустенбеков Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси болуп 2018-жылы декабрда дайындалган.

Жаныш Рустенбеков. Сүрөт: Кыргызстандын ТИМ

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары #ЭлчиниИздейбиз деген хештег менен акция башташкан. Алар Рустенбековго ишенбөөчүлүк көрсөтүп, элчи Тажикстанда кармалып турган кыргызстандыктарга колдоо көрсөтпөй жатканын белгилешкен. Алар Рустенбековдун парламенттеги ишине да нааразы болушкан.

«Анын ордуна жаңы элчини качан дайындайсыздар? Комитет Жаныш Рустенбековду чакыртып алуу чечимин кабыл алды. Ал кетерин билет, ошондуктан иштебейт», — деп сураган алтынчы чакырылыштын депутаты Абдывахаб Нурбаев өткөн жылдын октябрында.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин профилдик комитети элчиге ишеним көрсөткөн эмес.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы тактала элек чек ара тилкеси чек арага жакын жайгашкан конуштарында — жер, суу жана чек арадан мыйзамсыз өтүү маселелеринде көптөгөн чыр-чатактардын чыгышына себепкер болуп келет.

Январдын орто ченинде чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 68 жаштагы кыргыз жараны Тажикстанда каза богону белгилүү болгон. Анда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жаранынын өлүмү боюнча бейтарап иликтөө жүргүзүүгө көмөктөшүүнү суранып Тажикстандын ТИМине нота жиберген.

27-январда кыргыз-тажик чек арасында абал кайрадан курчуп, тараптар курал колдонушкан. Буга Ош — Исфана жолун тосуу себеп болгон. Жаңжалдын чыгышына эки тарап тең бири-бирин айыпташкан. Куралдуу жаңжалдан улам, эки тараптын чек ара айылдарындагы жашоочулары аргасыз коопсуз жайларга эвакуацияланган. 28-январга караган түнү эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ок атууну токтотуу макулдашылган.

Жаңжалдын жыйынтыгында Кыргызстан тараптан 11 киши жарадар болуп, ооруканага жеткирилгени кабарланган. Тажик тарап эки жаран көз жумуп, 10 киши жаракат алганын кабарлаган.

Чек арадагы акыркы ири жаңжал өткөн жылдын апрель айында болгон. Куралдуу жаңжалдын чыгышына Тажикстандын жергиликтүү бийлиги *«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына видео байкоочу камера орноткону себеп болгон. Анда да тараптар жаңжалга бири-бирин айыптаган.

Апрелдеги эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалдан 36 кыргызстандык каза болуп, 154 адам жабыркаган. Тажикстандын расмий маалыматы боюнча каза тапкандардын саны 19, ал эми жаракат алгандардын саны 87ге жеткен.