Тажикстандын абагында кармалган 68 жаштагы кыргыз жараны көз жумду

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Иван Руднев / «РИА Новости»

Тажикстандын чек арасын «мыйзамсыз өтүп» эки жылга соттолгон 68 жаштагы кыргыз жараны коңшу өлкөнүн абагында каза болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги билдирди.

Элчилик маркумдун өлүмүн калыс, адилеттүү иликтөө үчүн Тажикстандын ТИМине нота жөнөттү. Каза болгон кыргызстандык Кудайберди Бекмуратов аттуу жаран экени кабарланды.

Ал эми президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин айтымында, учурда Тажикстанда 10 кыргызстандык кармалууда. Ошондой эле ал Кыргызстанда кармалган тажик жарандары да бар болгонун кошумчалады.

«Биз алардын баарын бошотконго аракет кылып жатабыз. Мен бул боюнча Согд облусунун губернатору [Ражаббой Ахмадзода] менен сүйлөштүм, кат жолдодум. Ал дагы өздөрүнүн жарандарын бошотууну суранып жатат», — деди Алимбаев.

Мындан сырткары, Баткен облусунун башчысы Тажикстандын түрмөсүндө көз жумган кыргызстандыктын окуясы боюнча укук коргоо органдары «тиешелүү аракеттерин көрүп жатканын» кошумчалады.

Тажикстанда кармалган кыргызстандыктар

«Азаттыктын» маалыматы боюнча, Тажикстандын Хожент облусунун Гафуров райондук соту 2021-жылдын ноябрь айында үч кыргызстандыкты «чек араны мыйзамсыз кесип өткөн» деп тапкан. Өкүмгө ылайык, Айдарбек Хайдаров жана дагы бир кыргыз жараны эки жылга, үчүнчү кыргызстандык 18 жылга эркинен ажыратылган.

Хайдаров 2021-жылдын 21-октябрында Тажикстандын чек арачылары тарабынан кармалган. Ал атасы жашаган Тажикистандын Пахтакор районунун аймагынан колго түшкөн.

Мындан мурдараак Тажикстандын күч органдары Жийделик айылынын төрт тургунун кармап кеткен. Алар: Саидахмед Артиков, Нооман Самадов, Турсунали Ташанов жана Аскар Ахмедов. Көп өтпөй Тажикстандын Башкы прокуратурасы Артиков ооруканага түшкөнүн кабарлаган.

Ал арада Артиковдун туугандары өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышып, анын аялы жолдошу кыйноолордго кабылганын билдирген.

«Менин жолдошумду айыл башчысы кылып Жийделик айлынын тургундары шайлаган. Ага чейин тажик тарап Кыргызстандын жарандарын кармап кеткенде, менин жолдошум аларды бошотууга жардам берип келген. Тажикстандын атайын кызматы аны 16-сентябрда, үйдө олтурган жеринен алып кеткен. Ошол бойдон 40 күн көрсөтүшкөн жок», — деп айтып берген ал.

Митингчилерге минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жолуккан. Ал маалыматты ыйгарым укуктуу органдарга жеткирип, кыргызстандык жарандарды бошотууга колдоо көрсөтүүнү убадалаган.

Ал эми Акыйкатчынын аппараты 11-ноябрда Тажикстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Умед Бобозодага кайрылып, Кыргызстандын жарандарынын укугу бузуулусуна жол бербөөнү өтүнгөн.

Тажик бийлиги өткөн жылдын ноябрь айында үч кыргызстандыкты жана жылдын башында Р. Исмаилов аттуу жаранды Кыргызстанга кайтарган. Ал эми Кыргызстан Тажикстанга эки жаранын кайтарган. Алардын баары кыргыз-тажик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталышкан.