Бишкекте тез жардам унаасы жол кырсыгына кабылып, үч киши жеңил жаракат алды

4-февраль таң эрте Бишкектеги Ахунбаев жана Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Land Cruiser менен тез жардам унаасы менен кагышты. Бул тууралуу Бишкектин Кайгуул милиция башкармалыгынан кабарлашты.

Жол кырсыгында тез жардам унаасынын айдоочусу жана жүргүнчү, ошондой эле жолтандабасты башкарган аял жеңил жаракат алышты.

Кайгуул милициянын маалыматына карганда эки унаа тең айып короого киргизилди. Инспекторлор жол кырсыгынын себептерин тактап жатат.

«Тез жардам» катышкан жол кырсыктары

24-январда Чүй облусунун Кант шаарында Lexus 470 үлгүсүндөгү жолтандабас менен тез жардам унаасы кагышкан.

«Тез жардам кызматынын унаасы үн чыгарган сигналын күйгүзүп бара жаткан, бирок жол кесилишине жеткенде маңдайынан жол тандабас чыга калып сүзгөн», — деп билдиришкен анда Чүй ОИИБден.

15-декабрда Бишкекте Тез жардамдын жаш балдарды тейлеген бригадасы жол-транспорт кырсыгына кабылган — Тез жардам борборунун жетекчиси тез жардам унаасынын айдоочусу уктап кеткендиктен болгонун, унаа жолдон четтеп барып бак сүзгөнүн айтып берген. Натыйжада бригаданын дарыгери оор жаракат алып, ага операция жасалган.

2021-жылы декабрда болсо Бишкекте тез жардам унаасы Subaru үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.