Тез жардам бригадасы жол кырсыгына кабылды. Врач оор жаракат алды

Бишкекте Тез жардамдын жаш балдарды тейлеген бригадасы жол-транспорт кырсыгына кабылып, натыйжада бригаданын дарыгери оор жаракат алды, ага эртең операция жасалат. Бул тууралуу «Клоопко» Ыкчам медицина борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов билдирди.

Борбордун жетекчиси кырсык таңкы саат 5:20да тез жардам унаасынын айдоочусу уктап кеткендиктен болгонун, унаа жолдон четтеп барып бак сүзгөнүн айтып берди.

«Адамдык фактор болду — тез жардам унаасынын айдоочусу уктап кеткен, себеби абдан чарчаган. Азыр жаш балдардын бригадасы өтө тынымчыз иштеп жатат. Суткада 120 чакыруу келет: бир тез жардам унаасына 20 чакыруу. Бригада чакыруудан станцияга кайтып келе жаткан. Айдоочу жабыркаган эмес, ал эми медайым башы чайкалып нейротравмага, ал эми врач-педиатр олуттуу жаракаттарды алган. Ага операция кылуу керек», — деп билдирди ал.

Шаяхметов белгилгендей, дарыгерге 1,5 миң доллар турган титан импланты керек, Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун аркасы менен жеткирүүчүлөр аны акысыз беришет.

«Дарыгердин бел омурткасы сынган. Ага 1,5 миң долларлык имплант керек, бирок БТОИИБга ыраазычылык, алардын жеткирүүчүлөр менен болгон сүйлөшүүсүнөн кийин имплант бекер берилмей болду. Медиктер үчүн бул өтө чоң сумма. Бул каражаттар анын мындан аркы даарылануусуна жана калыбына келүүсү үчүн керек», — деди ал.

Шаяхметов эртен менен өткөрүлгөн консилиумда дарыгерлер медик кызга эртең операция жасалып, жакшы болуп кетерин айтышканын белгиледи. Ал тез жардамдын бардык унаалары камсыздалганын (страховка), кырсыктан кийин унаа кайрадан оңдолууга тийиш экенин дагы белгиледи.

Дарыгер 26 жашта экени белгилүү. Анын мындан аркы калыбына келүүсү үчүн социалдык тармактарда материалдык жардам чогултулуп жатат.

Медикке жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

  • Optima bank, картанын номери: 4169585340366128, Юлия Юнусова (жабырлануучунун эжеси), телефону: +996554585185;
  • «Айыл банк», картанын номери: 9417371852005282, Лариса Тарасова (жабырлануучунун апасы).