Кыргызстанда 4-февралга карата COVID-19 менен ооруп жаткан үч адам каза болуп, жуктуруунун 202 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Аймактар боюнча:
- Бишкек шаарында — 107;
- Чүй облусунда — 46;
- Ысык-Көл облусунда — 18;
- Жалал-Абад облусунда — 14;
- Баткен облусунда — 7;
- Талас облусунда — 3;
- Нарын облусунда — 3;
- Ош облусунда — 2;
- Ош шаарында — 2.
Ошондой эле, 4-февралга карата республика боюнча 591 адам оорудан айыгып чыкты.
Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын саны 199 164 жетти. Ал эми өлкө боюнча 189 983 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 896 киши көз жумду.
Учурда ооруканаларда 966 бейтап, үй шартында 3 784 адам дарыланып жатат.
Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.