Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл Түркиянын Изник шаарында өтөт

Кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2022-жылы сентябрдын аягында Түркиянын Изник шаарында өтөт. Бул тууралуу экс-маданият министри Султан Раев Фейсбук барагында жазды.

Бул маалыматты Раев оюнду уюштуруу комитетинин ишине катышып жаткандыктан билдирди. Экс-министр комитеттин иши Түркиянын спорт жана жаштар министри Мехмет Мухарам Касапоглунун катышуусунда өткөнүн кошумчалады.

«Бүгүнкү күнгө карата 74 мамлекеттен 2050 этноспортчунун катышуусу белгиленүүдө. Көчмөндөр оюнунун алкагында маданий программага артыкча берилген. Оюндун салтанаттуу ачылышына жана жабылышына Түркиянын эң мыкты режиссерлору, сценаристтери тартылган», — деп жазды Раев.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — бул Кыргызстандын ири долбоору. Көчмөндөр оюндары 2014-2018-жылдар аралыгында жыл сайын Кыргызстанда өтүп келген. Кийин эстафета Түркия берилген. 2020 жана 2021-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары COVID-19 пандемиясынан улам убактылуу жылдырылган.

Көчмөндөр оюндарында спорттун этникалык түрлөрү боюнча эл аралык спорттук мелдештер өткөрүлөт. Мелдештин негизин Борбор Азиянын байыркы көчмөн элинин оюндары түзөт. 2021-жылдын декабрында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилген.