Түркияда өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары коронавирустан улам жылдырылды — 2022-жылы өтөт

Түркия төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 2022-жылы өткөрүүнү пландап жатат — бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапарында белгилүү болду.

«Иш-чара пандемиядан улам келерки жылга жылдырылды. Кыргызстан атайын маданий программа даярдайт. Анда «Көчмөндөр ааламы» этнофестиваль уюштуруу каралууда. Каада-салт, үрп-адат, кол өнөрчүлүгүбүздү дүйнөлүк деңгээлде көрсөтүүгө абдан жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт», — деп билдирди маданият министри Кайрат Иманалиев.

Көчмөндөр оюндары биринчи жолу жылдырылып жаткан жок. IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы күзүндө Түркияга өтүшү керек болчу, бирок коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылга жылдырылган.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — бул этникалык спорттун түрлөрү боюнча эл аралык мелдеш. Анын негизин Борбор Азиянын көчмөн элдеринин элдик оюндары түзөт.

Көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2014-жылдан 2018-жылга чейин ар жылы өтүп келген, азырынча эстефета Түркияга берилген.