«Чет элдик агенттер» жөнүндө мыйзам кабыл алууну талап кылгандар кимдер?

Өздөрүн активист жана блогербиз деп атаган төрт киши 8-февралда маалымат жыйын өткөрүп, Кыргызстанда Орусиядагыдай «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам кабыл алууну талап кылышты.

Алар «чет элдик агент же тыңчы» деген макамды чет өлкөдөн каржыланган ЖМКларга ыйгаруу керек деп белгилеп, «Азаттык» менен «Клооптун» атын аташты. Активисттер айрым кыргыз ЖМКлары маалыматты «туура эмес» же «бир жактуу» берип жатат деп нааразы болушту.

Блогерлер чет элдик тыңчылар тууралуу мыйзам кабыл алынса өлкөдө «тартип болот» деп эсетешет. Маалымат жыйындын жүрүшүндө алар бул мыйзам «сөз эркиндигине кысым эмес экенин» бир нече ирет кайталашты. Бирок «чет өлкөлүк тыңчы дегенде эмнени түшүнөсүңөр» деген суроого так жооп айта алышкан жок.

Солдон оңго: Венера Касымова, Жыргал Сагындыков, Нурбек Тойгонбаев жана Илимбек Исраилов. Сүрөт: AKIpress

Бул активисттер кимдер, эмнеси менен белгилүү жана маалымат жыйынды ким каржылады? «Клооп» талдап чыкты.

Илимбек Исраилов

Маалымат жыйында ал өзүн 2,5 млн аудиториясы бар саясий блогер деп тааныштырды.

Бул сандар кайдан алынганы түшүнүксүз. Исраиловдун Фейсбук барагында 4,9 миң досу бар, «Илимбек Исраилов» аталышындагы эки Ютуб-каналындагы видеолорду жалпылап алганда болгону 161 миң киши көргөн. Ал эми Тик-Ток соцтүйүнүндө 20 миң катталуучусу бар.

Исраиловдун постторунун көбү саясатка арналган. Ал азыркы бийликти, Свердлов райондук округунан депутаттыкка талапкерлигин коюп жаткан Шайлообек Атазовду жана экс-депутат Турсунбай Бакир уулун колдойт.

Исраилов Атазов Төлөйкөн шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлигин койгондо көбүнчө анын үгүт иш-чараларына катышып, сүрөттөрүн жарыялап турган.

Илимбек Исраилов 2021-жылдын ноябрь айында талапкер Шайлообек Атазов менен үгүт жолугушуусунда. Сүрөт: блогердин Фейсбук барагынан.

Ошондой эле ал коррупцияга аралашканын мойнуна алган бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун активдүү колдоочусу катары да белгилүү. Исраилов Ошто өткөн Матраимовду колдоо митингине жана 2021-жылы марттагы бейөкмөт уюмдардын нааразычылык акциясына каршы чыккан. Бул митингде ал «Клооп» жана «Азаттык» басылмаларына каршы элди тукурууга аракет жасаган эле.

Мындан тышкары, Temirov Live’дын журналисттери Исраилов 2021-жылдын 15-апрелинде өткөн бейөкмөт уюмдарга жана ЛГБТ өкүлдөрүнө каршы митингдин модераторлорунун арасында болгонун аныкташкан. Анын катышуучулары ИИМдин имаратынан алдында аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы жана ички иштер министри Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылган митингди үзгүлтүккө учуратышкан.

Temirov Live’дын маалыматында, ИИМдин имаратынын алдындагы нааразычылык акциясын үзгүлтүккө учураткандардын арасында милиция кызматкерлери да болгон.

Илимбек Исраилов митингде. Видеодон скриншот.

Нурбек Тойгонбаев

Маалымат жыйындын дагы бир катышуучусу — Нурбек Тойгонбаев (Нурбек Саяк). Ал да өзүн блогер жана жарандык активист деп атады. Фейсбук барагында ал учурдагы бийликти активдүү колдогон билдирүүлөрдү жарыялап келет.

Анын Фейсбук барагында экс-депутат Турсунбай Бакир уулу жана акыркы кездери митингдерге, анын ичинде жакында эле Kaktus Media басылмасынын жанында өткөн митингге активдүү катышып жүргөн Орозбек Асеков менен түшкөн сүрөттөрү бар.

Турсунбай Бакир уулу жана Нурбек Тойгонбаев. Сүрөт: Блогердин Фейсбук барагынан.

«Ачык булактарда ал 2017-жылы Садыр Жапаров кармалганда санаа тартып ыр жазганы менен да белгилүү. Кийинчерээк бул ырды Жапаровдун башка тарапташтары да окуп калышкан», — деп жазат Kaktus Тойгонбаев тууралуу.

Венера Касымова жана Жыргал Сагындыков

Ошондой эле, маалымат жыйынга Венера Касымова жана Жылгал Сагындыков дагы катышты. Экөө жөнүндө ачык булактарда маалымат аз, бирок Фейсбук барактарын активдүү колдонушат жана президент Садыр Жапаровду колдогон постторду бөлүшүп турушат.

Сыгындыковдун профилинде президент Садыр Жапаров менен түшкөн сүрөтү бар, ал эми Касымованыкы болсо, Садыр Жапаровдун китептеринин фонунда Шайлообек Атазов менен түшкөн сүрөтү бар.

Маалымат жыйынды ким каржылады?

Маалымат жыйындын жүрүшүндө катышуучулар Турсунбай Бакир уулу депутат болуп турган кезде иштеп чыккан «чет элдик тыңчы» деген макам тууралуу мыйзамды кабыл алууну азыркы депутаттардан бир нече ирет суранышты.

Бакир уулу өзү 24.kg басылмасына берген интервьюсунда блогерлердин пресс-конференциясын каржылаганын тастыктады.

Турсунбай Бакир уулу анын чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзам долбоорун парламент «жумшагыраак кылып» кабыл алып койгонун айтты (ал бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамга кошумча өтчёт берүүгө милдеттендирген өзгөртүүлөрдү айтып жатышы мүмкүн).

Турсунбай Бакир уулу.

«Биз, үч демилгечи чет өлкөлүк агенттер тууралуу мыйзамды карап чыгууну сунуштайбыз. Балким аны буга чейин кабыл алынган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен кабыл алышат», — дейт ал.

*2014-жылы парламент депутаттары Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Мадалиев орусиялык мыйзамдын көчүрмөсү болгон мыйзам долбоорун демилгелешкен. Ага ылайык «саясий ишмердүүлүк» менен алектенген коммерциялык эмес уюмдар «чет элдик тыңчы» статусун алышы мүмкүн эле. Бирок 2016-жылы алтынчы чакырылыштын депутаттары документти артка кайтарышкан.

Орусиядагы «Чет элдик агенттер жөнүндө» мыйзам

Орусияда бир канча жылдан бери «чет элдик агенттер жөнүндө мыйзам» иштейт. Алгач «чет элдик агент» деп юридикалык жактар, мисалы ЖМКлар гана аталса, 2020-жылдын соңунан баштап, жарандыгына карабастан жөнөкөй жарандар да «чет элдик тыңчы» катары тааныла баштады.

Deutsche Welle белгилегендей, бул мыйзам менен ар бир жаран кандайдыр бир жолдор аркылуу (жөнөкөй сүйлөшүүдөш башка) маалымат таратса, чет өлкөлүк же орусиялык компания менен каржылык байланышы болуп андан кандайдыр бир материалдык баалуулуктарды алса ал «чет элдик ЖМК агенти» катары таанылышы мүмкүн.

«Мыйзамда эч кандай өзгөчөлүктөр жазылган эмес, соцтүйүндөрдөгү пост же жазылган комментарий менен чет өлкөдөн каржыланышы тууралуу эч кандай байланыш болушу дагы шарт эмес. Ал эми жаран таратып жаткан маалымат түрдүү тармакка тиешелүү болушу мүмкүн — мунун баары баары бир мыйзамдын таасирине кабылат», — деп жазган Deutsche Welle .

Бул мыйзам бир нече жолу сынга алынып, укук коргоочулар бейөкмөт уюмдар менен журналисттерди куугунттуктоонун, оозун басуунун жаңы куралы деп аташкан.

«Медуза» басылмасынын материалынан скриншот.

Чет элдик «тыңчы» деп табылган тарап бир катар тоскоолдуктарга кабылат жана кандай гана болбосун коомдук билдирүүсүн «Бул кабар (материал)... алкагында жарыяланды» деп таңгакка ороого мажбур болот. «Чет элдик тыңчы» тизмесине түшүп калуу менен алар өзүнүн ишмердүүлүгүн мыйзам талап кылгандай так кабарлабаса 5 жылга чейин эркинен ажыроо коркунучу бар.