Жаңы тез жардам ооруканасын башкы врач Дамир Дүйшөнов жетектейт. Ал тууралуу эмне белгилүү?

Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору (ТОИИБ) жоюлгандан кийин анын ордуна түзүлгөн Медициналык тез жардам клиникасына Дамир Дүйшөнов жетекчи болуп дайындалды.

Дамир Дүйшөнов. Сүрөт: АКИpress

Саламаттык сактоо министрлигинен борбордун директору деген кызмат жоюлганын, эми оорукананы башкы врач жетектей турганын билдиришти.

Дүйшөнов 44 жашта. Ал Бишкектеги Медициналык академиянын дарылоо факультетин аяктаган. 2004-жылдан 2019-жылга чейин Бишкек ТОИИБде врач-травматолог болуп эмгектенген.

Андан кийин Токмок аймактык ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

Травматологи борборунун айланасындагы чуу

4-февралда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков кызматынан бошотулганын жана борбордун базасында клиникалык тез жардам ооруканасы ачылганын билдирген. Министрдин айтымында, Жумабеков оорукананы менчиктеп алган жана «туугандары менен тааныштарын кызматка алган».

Жумабеков болсо кайра түзүү аны кызматтан алуу үчүн гана жасалганын айтып, ага коюлган айыптардын баарын четке каккан.

Андан соң, жамаатка Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жаңы дайындалган директорду — Гүлия Кожокматованы жана башкы дарыгер Дамир Дүйшөновду тааныштырууга аракет кылышкан. Бирок жамаат аларды имаратка киргизбей койгон.

5-февралда Саламаттык сактоо министрлигинин имаратынын алдында митинг болуп өткөн. Чогулгандар Алымкадыр Бейшеналиев «реформаны туура эмес жасап жатат» деп анын отставкасын талап кылышкан. Ал эми Бейшеналиев өзү кызматын тапшыруу ниети жок экенин билдирген.

«Ар бир жүргүзүлүп жаткан реформа саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине тиешелүү экенин түшүнөм. Жана көптөгөн лидерлер аларды жеке кабыл алышат. Анан реформа маселелерин жекеге өткөрүп берип, жекеликти саясатташтыра башташат. Дагы бир жолу кайталайм, реформалар өлкө жетекчилигинин, министрлер кабинетинин жана саламаттыкты сактоо министрлигинин артыкчылыктуу милдеттери болуп саналат. Мындай ооруканалар чоң шаарларга керек, мисалы Москва, Алматы жана башка чоң шаарларды алалы. Ал жерде көп тармактуу ооруканалар көптөн бери иштеп, күн сайын миңдеген адамдарды сактап келет», — деп айткан Бейшеналиев.

Гүлия Кожокматова оорукананын башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу болуп аз гана убакыт болсо да ага карата айтылган сындар менен эсте калууга жетишти. Ал бул кызматка 4-февралда дайындалып, 8-февралда бул кызмат жоюлуп кеткен.