Сүрөт: «Клооп»

5-февралда Саламаттык сактоо министрлигинин алдында министр Алымкадыр Бейшеналиевдин отставкасын талап кылган митинг өттү. Бир нече саатка созулган акцияга 500дөн ашуун киши катышты. Алардын арасында дарыгерлер, бейтаптар жана коомдук ишмерлер болду.

Митингчилер, Бейшеналиевдин реформаларын сынга алышып, аны Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборун жоюуга жана анын директору Сабырбек Жумабековду кызматтан алууга каршылыгын билдиришти.

Акцияга чыккандан «Министр отставкага», «Бул реформа эмес, медицинанын кыйроосу», «Илимден колуңду тарт», «Илим жок, келечек жок», «Трайбализмге жол жок»*, «Аконит кетсин»**, «Диагностикалык борборду кайтар»***, «Үй-бүлөлүк дарыгерлер медициналык борборлорун тынч кой», «Кардиологиядан колуңду тарт»**** деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

Ал эми хирург Сабыр Жумабеков ал кызматтан алынса да, эң негизгиси «илимий борборду сактап калуу керектигин» билдирди. Ал саламаттык сактоо министринин борборду жоюп, анын ордуна Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасын уюштурганын «маңкуртизм» деп атады.

«Илим бар жерде медицинада өсүү бар, өнүгүү бар. Илим болгон үчүн травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору деп аталат — мурунку жөнөкөй оорукананы биз дүйнөлүк деңгээлге чыгардык. Биз кыргыз медицинасын көтөрдүк. Биз травматология жана ортопедияны алдыңкы дүнөлүк катарга коштук. Мунун баардыгы илимдин арты менен. Эгерде биз артка кайтсак, дагы 50-60 жылга артка кетип калабыз. Мындай нерсени “маңкуртизм” деп атай аламын, “келесоолук” деп айтамын», — деди Жумабеков.

Жумабековду колдоп митингге Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Ибрагим Жунусов, ырчы жана куудул Кубик Калыков, төкмө акын Амантай Кутманалиев жана манасчы Азиз Биймырза уулу чыкты. Жунусов «Сабыр Жумабековду коргоо комитети түзүлгөнүн» маалымдады.

«Сабыр Жумабековду [...] тез аранын ичинде кайра ордуна коюп коюуну талап кылып эл чогулуп отурат. Урматтуу Садыр Нуркожоевич, сизге кайрылуу кылабыз: өзүңүз Сабыр Жумабековдун жасаган ишин, кылып жаткан эмгегин жакшы билген адам катары аны коргоп каласыз деп ишенебиз», — деди Жунусов.

Ошондой эле Жунусов «бир нерсени талкалап бузган жиндинин да колунан келет, бирок бир нерсени курган ар кимдин колунан келе бербейт» деп айтты. Мындан сырткары, ал Жумабеков буга чейин жетектеген борбор илимий болгондуктан мекемени жоюу маселеси Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашылышы керек деген оюн билдирди.

Ал эми Кубик Калыков ал «эки жыл баса албай үйүндө жатканда» Сабыр Жумабеков ага акысыз операция жасап, бутуна тургузганын айтты.

*Буга чейин социалдык тармактарда Алымкадыр Бейшеналиевдин Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун кызматкерлери менен жолугушуусунун үзүндүсү жарыяланган. Анда ыктымал Бейшеналиев оорукананын жетекчилери «таластыктар» болушканын белгилеген.

**2021-жылдын апрель айында Алымкадыр Бейшеналиев COVID-19ду дарылоо үчүн «уу коргошундун» кайнатмасын (дагы бир аталышы Ысык-көл тамыры же аконит) ичүүнү пропаганда кылган. Анткен менен «уу коргошундун» коронавируска каршы эффективдүүлүгү далилденген эмес, жадагалса кайнатманы туура эмес ичүү өлүмгө алып келиши мүмкүн.

***2021-жылдын ноябрь айында Бейшеналиев Бишкектеги республикалык диагностикалык борборунун иш багытын балдар ооруканасына өзгөрткөн. Ал эми митингге келген диагностикалык борбордун кызматкерлери министрдин реформасынан улам 200дөй киши жумушсуз калганын айтышты.

****2021-жылдын ноябрь айында Бейшеналиев Улуттук кардиология борборунун директору Акпай Сарыбаевди кызматынан алган.

Дагы окуңуз: Пётр I дагы реформа үчүн жек көрүшкөн — Бейшеналиев аны отставка кетирүү талаптары жөнүндө

«Мен эмне үчүн кетишим керек экен?»

Алымкадыр Бейшеналиев

Ал эми Бейшеналиев «24.kg» басылмасына курган маегинде митингге реакция кылып, отставкага кетпей турганын билдирди.

«Алар ким экен? Мен эмне үчүн кетишим керек? Коррупционерлерди алып жатканым үчүнбү? Эмне себептен мурда кетирилген каталарды оңдоп, туура иш кылган министр отставкага кетиши керек?» — деп суроо салган ал.

Ошондой эле Бейшеналиев учурда анын ордуна келе турган татыктуу аткаминер жок деп эсептейт. Мындан сырткары министр Сабырбек Жумабековду кызматтан алып, илимий борборду жоюу боюнча минкабдын төрага орун басары Эдил Байсалов жетектеген комиссия иштеп жатканын кошумчалады.

Бейшеналиев жана Жумабековдун тиреши

2-февралда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Кактус» басылмасына маек куруп, Сабырбек Жумабеков Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборун «менчиктештирип», туугандарын жана жакын тааныштарын жумушка коюп алганын айтып сындаган.

Ошондой эле, министр Сабырбек Жумабековго кызматтан өз каалоосу менен кетүүнү сунуштаганын билдирген.

«Жумабековдон “сизди директор кылып ким дайындады? деп сурадым. Аны [ошол кезде Бишкек шаарынын мэри болгон] Иса Өмүркулов дайындаган экен. Ошондон кийин өзүн директор кылып койгон экен. Орун басарларды, бөлүм башчыларды өзү дайындайт экен. Мен айтам: “кимге отчёт бересиң, өзүңдү кызматка койгондон кийин өзүңдү иштен ал”. Саламаттык сактоо министри катары мен сени кызматтан ала албайм, анткени мен дайындаган эмесмин», — деп Жумабеков менен болгон сүйлөшүүсүн ачыктаган министр.

Анын эртеси күнү, 3-февралда, Жумабеков Бейшеналиевдин сөздөрүн «жалган жалаа» деп атап, министр «негизсиз күнөө коюп жатат» деп айыптаган.

«Жакында эле министр тарабынан мага дагы катуу сөздөр айтылды. Эки күн мен үн каткан жокмун, ал адамдын өзү менен дагы жолукканга аракет кылдым. Бирок мага жолуккусу дагы келген жок. Бул оорукана меники эмес мамлекеттики. Бул жердин бир дагы мыгы меники эмес», — деген ал.

Ошондой эле, ал илим-изилдөө борбору бозгун президент Аскар Акаевдин демилгеси менен 2004-жылы түзүлгөнүн айткан. Ошол эле жылы Бишкек шаарынын мэри жана шаардык кеңеш аны директор кылып шайлаган.

Жумабеков бул боюнча президент Садыр Жапаровго дагы кайрылып, кызматтан кеткенге даяр экенин белгилеп, бирок борборду сактап калууга аракет кыларын кошумчалаган.

Буга карабастан 4-февралда Бейшеналиев Жумабековду кызматтан алып, Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун базасында клиникалык тез жардам ооруканасын ачуу тууралуу буйрукка кол койгон. Ал эми оорукананын башчылыгына Гүлия Кожакматова дайындалган.

Анткен менен Сабырбек Жумабеков баш болгон борбордун кызматкерлери жана бейтаптар жаңы дайындалган Гүлия Кажакматова жана министрликтин өкүлдөрүн изилдөө борбордун имаратына киргизишкен эмес. Анда Жумабеков Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн келишин «рейдерлик басып алуу» деп сыпаттаган.

«Министрдин орун басарларын өтө сыйлайм, улуу адамдарсыңар, биздин жетекчибиз болуп эсептелесиңер. Кечирип койгула, биз силерди киргизе албайбыз. Президент айтсын, кет десе кетип калам. [...] Президентти жаман абалга кептеп атасыңар. Урматтуу элим, мен кийинкисине жооп бере албайм. [...] Кыргызстанда майыптыгы бар адамдар чыгабыз деп атат. Мыйзам талаасында болобу деп айтып атам. Силердики мыйзамсыз. Силердики рейдерлик басып алуу», — деген ал.

Ошондой эле Жумабеков медициналык мекеменин уставына ылайык, Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчисин Бишкек шаарынын мэри дайындай турганын айткан. Ал министрдин аракети «мыйзамсыз» жана «өзүм билемдик» болгонун белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Абадан оорукана жасаган». Реформанын айынан Бейшеналиев менен Жумабеков чырдаша кетти

«Президент кет десе, кетип калам». Жумабеков 5-февралда дарыгерлер митингге чыгарын билдирди