Кикбоксчу Канатбек Сыдыгалиев 44 жашында дүйнө салды

Кыргызстандык белгилүү кикбоксчу, Евразия чемпиону Канатбек Сыдыгалиев 44 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу 11-февралда Кыргызстандын Кикбоксинг федерациасы кабарлады.

«Канатбек Сыдыгалиев арабыздан кетти [...]. Дос, жолдош, ата, чемпион! Бул Кыргызстандагы кикбокс дүйнөсү үчүн өтө чоң жоготуу, трагедия», — деп билдиришти федерациядан.

Канатбек Сыдыгалиев

«Куюн» каймана аты менен белгилүү спортчу Сыдыгалиев 1978-жылы 18-январда Талас районунун Арал айылында туулган. Ал үй-бүлөдө жети бир туугандын кенжеси.

Канатбек Сыдыгалиев Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан эң көрүнүктүү спортчулардын бири. Ал 1999-2000-жылдары кикбокс боюнча Евразия чемпиону болгон. 2000-жылы Европа чемпионатында коло медалга ээ болуп, 1999-2001- жылдары Дүйнөлүк чемпионатта күмүш медаль тагынган. Ал эми 2003-жылы Дүйнө чемпионатында коло медаль уткан, андан тышкары Европада профессионалдар арасында чемпион болгон.

Ошондой эле, Сыдыгалиев «Гермес Профи» клубунун курамында АКШ, Улуу Британия, Ливан жана башка өлкөлөрдө мелдешке чыгып, жеңишке жеткен.

Редактору: Дилде Шатанова, Элдияр Бакиров