Сокулук: Ур-токмокко алынган 2 жашар баланын ата-энесинин укуктары чектелди

Сокулукта сабалган эки жаштагы Егордун ата-энесинин укуктары чектелди. Бул тууралуу «Балдар укугун коргоо лигасы» коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова Фейсбук барагында билдирди.

Баланын мындан аркы жашоосун аныктоочу комиссия Егордун ата-энесин жана чоң апасын угуп, баланы жана төрт жаштагы эжесин (тергөө мезгилинде) убактылуу камкордукка чоң апасына берүүнү чечти.

Турдубекова «Балдар укугун коргоо лигасы» өнөктөштөр менен бирге Егорду зомбулуктан коргоого жардам берип жатканын кошумчалады. Уюм чоң-энеге жана балдарга керектүү мөөнөткө турак жай ижарага алып берүүгө да көмөктөшөт.

2 жашар баланы ур-токмокко алуу

Үстүбүздөгү жылдын 3-февралында кечки саат 21:30 чамасында милицияга Сокулук аймактык ооруканасына катуу сабалган эки жашар наристе жеткирилгени тууралуу билдирүү түшкөн.

Колу, буту күйүп, бети-башы, денеси жана жыныс органы көгала так, кесилген абалдагы бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Баланын энеси уулун аларга иш берген киши сабаганын айтып берген. Кийинчээрек наристени ооруканада багып жаткан атасы Николай Кемалетдинов «Азаттык үналгысына» маек куруп, ал өзү жалданып иштеген мал-чарбанын ээси наристеге жана анын апасына көптөн бери эле зомбулук көрсөтүп жүргөнүн айткан.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, жабыркаган наристенин ата-энеси шектүүнүн үйүндө мал багып иштешчү.

Эки жашар баланы сабоого шектелген 35 жаштагы мал-чарбанын ээси тергөө мөөнөтүнө камакка алынган.

Кийинчерээк сабалган баланын энеси көрсөтмөсүн өзгөртүп, шектүүнүн күнөөсү жоктугун, дем алыш күндөрү балдарды атасына калтырып жүргөнүн билдирген.

7-февралдагы маалымат жыйында акыйкатчы институтунун аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков бала буга чейин 19-январда дагы кулагынын кемирчеги чыгып ооруканага түшкөнүн билдирген. Ошол убакта, Азарбековдун билдиришинче, «дарыгерлерге бала жыгылып кеткен» деп айтылган.

10-февралда ур-токмокко алынган бала дарыланып жаткан Бишкектеги 3-балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акыл Маманов Егордун абалы туруктуу экенин маалымдаган.