Сокулукта эки жашар баланы ур-токмокко алган шектүү камакка алынды

Райондук соттун чечими менен Сокулукта эки жашар баланы ур-токмокко алган шектүү Бишкектеги СИЗО-1ге камакка алынды. Бул тууралуу «Клоопко» 7-февралда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Эки жаштагы наристени сабоого шектелип 34 жаштагы адам кармалган. Баланын ата-энеси шектүүнүн кол алдында жалданып иштеп жүргөнү айтылган.

Окуя кандай болгон?

Үстүбүздөгү жылдын 3-февралында кечки саат 21:30 чамасында милицияга Сокулук аймактык ооруканасына катуу сабалган эки жашар наристе жеткирилгени тууралуу билдирүү түшкөн.

Колу, буту күйүп, бети-башы, денеси жана жыныс органы көгала так, кесилген абалдагы бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Баланын энеси уулун аларга иш берген киши сабаганын айтып берген. Кийинчээрек наристени ооруканада багып жаткан атасы Николай Кемалетдинов «Азаттык үналгысына» маек куруп, ал өзү жалданып иштеген мал-чарбанын ээси наристеге жана анын апасына көптөн бери эле зомбулук көрсөтүп жүргөнүн айткан.

«Мен анын кантип [баланы кыйнап жатканын] көрдүм. Бирок ага каршы бир нерсе кылуу колумдан келген жок. Анткени ал үй-бүлөмдү жана балдарымды жок кылам деп коркуткан», — деген ал.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, жабыркаган наристенин ата-энеси шектүүнүн үйүндө мал багып иштешчү.

Андан тышкары, Кемалетдинов баласы ооруканадан чыккандан кийин аны кароо үчүн Орусиядан апасы келерин кошумчалаган.

Ал эми Сокулук райондук оорукананын жетекчиси Азамат Оторбаев зомбулук көргөн наристенин абалы жакшы экенин айтып, анын денесиндеги тактар эмнеден улам экенин аныктала электигин айтты.

«Абалы жакшы. Болгону беттеринде, манжаларында, буттарында тактар бар экен. Бир нерсе айтыш кыйын. Ал жерде жыныс органында шишик чоң болуп турат. Анан кесилген деп айтыш кыйын, шишик пайда бологон үчүн кыйын», — деди ал.

«Азаттык үналгысынын» журналисттери Николай Кемалетдинов иштеген фирмага да барышкан. Ал жерде Кемалетдиновдон башка дагы жалданып иштеген үч адам болгон. Аларга фирмага башка бирөө келсе киргизбөө буйругу келгенин айтышкан.

Ал эми, Эмгек жана социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева бул иш боюнча өзүнчө иш план түзүп, камкорчу дайындоо жагын дагы карап жатканын билдирди.

Алыбаева ата-энесинин жоопкерчилиги дагы караларын кошумчалады.

Ооруканада жаткан баланын абалы менен Акыйкатчы институнунун аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков таанышып чыккан. Маалыматка ылайык, сабалган баланын аты Егор, ал бир жаш сегиз ай куракта. Андан тышкары, Егордун дагы эки бир тууганы бар экени жана алардын документтери жок экени аныкталган.

Атасы 24 жашта, Өзбекстандын жараны. Кыргызстанга 2013-жылы көчүп келген. Шектүүнүн малын багып иштеп жүрүп, ага карыз болуп калгандыктан «кулчулукта» жүргөн.

«Жабыркаган баланын атасы Акыйкатчы аппаратына жазуу жүзүндө арыз менен кайрылды. Белгилүү болгондой, жумуш берүүчүнүн колунда аёосуз мамилеге дуушар болгон башка да адамдар, алардын ичинде жашы жете элек өспүрүм да бар», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми жабыркаган баланын 21 жаштагы апасы Аскат Азарбеков менен кезигип, баласы жумуш берүүчү тарабынан сабалганын четке каккан. Ал Азарбековго күйөөсү менен эмес, жумуш берүүчү менен жашап жатканын айтып, Николай Кемалетдинов экөөнүн ортосунда төрт жаштагы кызы да бар экенин айткан.

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери тергөөнүн жүрүшүнө кийлигиш турганын, бирок аныкталган көйгөйлөр боюнча, атап айтканда, эки балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууга жана баланын атасынын өзүнүн документтерин калыбына келтирүүдө укуктук жардам көрсөтөрүн белгилешти.

Балдарга карата зомбулук

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, акыркы беш жылда балдарга карата жасалган зомбулуктун саны өскөн. 2014-жылы 143 учур катталса, 2018-жылы бул көрсөткүч 187ге жеткен. Ал эми 2019-жылдын 9 айында эле зомбулук учурлары 255ти түзгөн. Бул биздин өлкөдө балдарга карата ур-токмок, өлтүрүү, зордуктоо дээрлик күн алыс катталат дегенди түшүндүрөт.

ЮНИСЕФтин маалыматы ылайык, Кыргызстанда балдардын 73% үй-бүлөдөгү ташбоор жана тоотпогон мамиледен жапа чексе, 83,5% мектептеги зомбулуктун курмандыгы болот.

Ал эми изилдөөлөргө ылайык, өспүрүмдөргө жасалган аёосуз мамиленин үчтөн экиси алардын жакындары, ата-энеси, туугандары тарабынан болорун көрсөткөн.

Эмнеге балдар өз жакын адамдары тарабынан зомбулукка кабылып жатышат? Мунун негизги себеби — балдарды тарбиялоодогу туура эмес ыкмаларды колдонуу жана коомдун кайдыгерлиги. ЮНИСЕФдин маалыматы боюнча ата-энелердин жана асыроочулардын 70% балдарына кыйкырса, ал эми 48% уруп же сабашат, кээ бир учурларда бул узакка созулат.

Психологдордун айтымында, балдардын зомбулукка кабылышы — чоң трагедия. Анткени жашында кордук көргөн баладан кийин мээрим күтүүгө болбойт. Ал өзү кабылган зомбулук мамилени кийин ошол эле ата-энесине же балдарына жасашы толук ыктымал.