Акыйкатчы институтунун аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков 14-февралда Казакстанга болгон иш сапарынын жыйынтыктары тууралуу айтып берди. Ал укук коргоочулар Казакстандын ички иштер органдарына кайрылып, январда башаламандыктарга катышты деп кармалган кыргызстандык Талгат Темиркан уулунун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылышканын билдирди.
Анын айтымында, 6-январга караган түнү Темиркан уулу Тараз шаарында жол кырсыгына кабылган досторунун унаасын жүктөп кетүүгө жардам берген. Кырсыкка учураган унаа кызматтык унаа болгондуктан, андан соң компаниянын ээсине кабар берүү үчүн жөнөп кетишкен. Тараз шаарынын борбордук аянтынан өтүп бара жатып, башаламандыкка аралашып калышкан. Ал жерден Темиркан уулунун колуна ок тийген.
Азарбековдун айтымында, андан кийин Темиркан уулуну достору ооруканага жеткиришкен. Ал эми 14-январь күнү аны укук коргоо органынын кызматкерлери алып кетишкен.
«[Алар] абдан орой мамиле жасашыптыр, кыйнашыптыр десек да болот. Бирок түнкү саат 12де коё беришкен. Аларда коменданттык саат киргизилгендиктен [Темиркан уулу] кайра кармалган. Беш күн камакта болуп, кийин үйүнө жөнөгөн», — деп кошумчалады Азарбеков.
Акыйкатчы институтунун аппарат башчысы Темиркан уулу «иш жабылган», «эми ага эч кандай доомат жок» деп ойлоп, кыйноо фактысы боюнча милицияга кайрылбай койгонун айтат. Анткен менен 28-январда кыргыз жараны кайрадан кармалган.
«28-январда үйүн тинтишип, төрт патрон таап алышкан. Эгер логикалык жактан карасак, патрондор ал жакта табылбашы керек эле. Ошол 10 күндүн ичинде [патрондорду] жаап-жашырып коёт эле да. Темиркан уулунун апасы, өзү дагы патрондор атайын ташталган деп айтып жатат. Ал акыл-эстүү жигит, кылмыштын оордугун түшүнөт, ошондуктан патрондор конок үйдөгү дивандагы жууркандын алдынан табылды делгени абсурд», — деп түшүндүрдү Азарбеков.
Акыйкатчы институту казак тарапка башаламандыктарга жана террордук топторго кыргызстандыктардын тиешеси жок экенин айтты.
Мындан тышкары, Азарбеков Акыйкатчы институту кыргыз жараны Алтынбек Сүйүнбек уулуна карата жасалган катаал мамиле жана кыйноо фактысы боюнча дагы кылмыш ишин козгоону демилгелеп жатканын маалымдады. Азарбековдун айтымында, Сүйүнбек уулу Чолпонбек Сыдыков менен чогуу сабалган. Экөө тең Кыргызстанга кайтарылган.
Рузахунов менен Сыдыковдун кыйноого кабылышы
Казакстандын күч түзүмдөрү кыргыз жарандарын кыйноого алган фактыларды биринчилерден болуп музыкант Викрам Рузахунов менен Чолпонбек Сыдыков айтып чыгышкан. Бирок коңшу өлкөнүн укук коргоо органдары бул иштер боюнча жарытылуу комментарий бербей жатат.
Викрам Рузахунов менен болгон окуя коомчулукта чоң резонансты жараткан. Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов кармалганы тууралуу «Хабар 24» казак телеканалынын видеосунан белгилүү болгон. Телеканалдын эфиринен 200 долларга Алматыга башаламандыкка катышуу үчүн келген жумушсуз кыргызстандык экенин айтып берген бети башы көгала адамды көрсөтүшкөн. Рузахуновду Кыргызстанда резонанс жаралгандыктан улам бошотууга мүмкүн болгон.
Музыкант 10-февралда аны Казакстанда кармашкандан кийин кыйнап, кабыргаларын сындырып, видеодогу кайрылууда айткан сөздөрдү жаттоого мажбурлашканын айтып берген.
Тема боюнча окуңуз: Кыргызстандык джазмен Викрам Рузахунов Казакстанда кармалгандагы кыйноолор тууралуу айтып чыкты.
Кыйноого Сыдыков дагы кабылган. Ал дагы нааразычылык акциясына катышкан деген шек менен кармалып, казак полициясы тарабынан ур-токмокко алынган.
Сыдыков мекенине 20-январда кайтарылып, дароо эле Бишкек травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылып, операция жасалган.
Тема боюнча: Алматыда сабалган Чолпонбек Сыдыков травматология борборуна жаткырылды
9-февралда Алматыда кыргызстандык Рузахунов жана Сыдыковдун сабалышы боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.
Расмий түрдө Казакстанда январда өткөн баш аламандыктарга катышты деген шек менен 10 кыргызстандык кармалганы белгилүү. Алматы шаарынын прокурорунун орун басары Нурлан Ауганбаевдин айтымында, учурда шаарда кармалып турган кыргызстандыктар жок.
Казакстандагы январь окуяларында расмий эки кыргызстандык — Бактияр Базарбаев жана Азиз Мусаев — каза болгону белгилүү.