Алматыда сабалган Чолпонбек Сыдыков травматология борборуна жаткырылды

Казакстандын Алматы шаарында күч органдары тарабынан кармалып, сабалган кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков 20-январда реанимобиль менен Бишкекке алынып келинди.

Саламаттык сактоо министринин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Клоопко» Сыдыков Бишкек шаардык ортопедия жана травматология илим изилдөө борборуна жаткырылганын билдирди.

«Азыр анын абалы кандай экени тууралуу маалымат келе элек. Кийинчээрек кошумча маалымат беребиз», — деди ал.

Маалыматка ылайык, Сыдыков «Ак-Жол» көзөмөлдөө-өткөрмө бекети аркылуу Кыргызстанга кайтарылган. Ал эми Тышкы иштер министрлигинен казак тарап менен Чолпонбек Сыдыковго байланыштуу окуянын бардык жагдайларын териштирип жатканын билдиришти.

«[Анын ичинде] анын ден соолугуна оор залал келтирген күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча [ТИМ] тиешелүү иштерди жүргүзүүдө», — деп айтылат ведомствонун маалыматында.

Кыргыз жараны Чолпонбек Сыдыков 8-январда Алматыдагы башаламандыктар учурунда дайынсыз жоголгон. Анын Алматыдагы досу Айгүл Сартбаеванын айтымында, Сыдыковдун Казакстандагы убактылуу каттоосунун мөөнөтү бүткөндүктөн ал мекенине кайтууну чечкен. Бирок ал көзөмөл-өткөрүү пуктунда кармалган бойдон дайыны жок болгон. Арадан 11 күн өтүп кыргыз жараны Казакстандын Алатау районундук ооруканасынан табылган.

Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулу Назарали Ариповдун айтымында, кыргыз жаранын казак күч түзүмдөрү 9-январда кармап, полицияга өткөрүп беришкен. Аны ошол жерде сабашкан. Кийин Сыдыковдун эки буту жана кабыргасы сынып, ооруканага жеткирилген.

«Тепкич аркылуу чыктык, андан соң бир коридорго алып киришти. Ал жерден дубалга такап тизип алып, сабап башташты. Баарыбызды токмоктошту. Баарыбыз кыйкырып жаттык. Сабай беришти, мисалы эртең менен саат 10до башташса, түшкө жакын менин буттарымды сындырышты. Муштап, тепкилеп, дубинкалар менен сабашты», — деп айтып берген Сыдыков өзү кармалгандан кийинки учурду.

Акыркы маалыматтар боюнча, Казакстанда массалык нааразылыктарга катышты деп Сыдыковду кошкондо алты кыргызстандык кармалган — алардын баары бошотулган. Ошондой эле, коңшу өлкөдөгү нааразылыктар учурунда эки кыргыз жараны кайтыш болгон.