Баткен: Жол кырсыгынан бир киши каза таап, төртөө ооруканага түштү

Сүрөт: ӨКМ

Баткен облусундагы Ош — Баткен — Исфана жолунун 147-чакырымында 14-февралда жол кырсыгы катталып бир аял каза тапты. Андан сырткары дагы төрт киши ооруканага жеткирилди — алардын арасында төрт жашар наристе бар.

ӨКМден билдиришкендей, Кадамжай районунун Ноогардан айылында «Ауди» жана «Мерседец-Бенц» унаалары кагышып кеткени тууралуу кабар түнкү саат 22:34тө келип түшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 67 жаштагы аял жеринде каза тапкан. Ал куткаруучулар тарабынан унаадан чыгарылып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Ал эми 4 жашар наристе, 70 жаштагы киши жана 34 жаштагы эки адам Кадамжай райондук ооруканасына жеткирилген. Алардын абалы «туруктуу» деп бааланууда.

20-январда Баткен — Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, эки киши каза тапкан. Алар «Нур-Баткен» футбол клубунун оюнчулары Асадбек Алимов жана Жахонгир Махмудов экени белгилүү болгон.

Кыргызстанда 2021-жылдын башынан октябрь айына чейин 5 437 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 587 киши каза тапкан. Ошондой эле кырсыктан 8 298 киши жаракат алган.

2021-жылы 2020-жылга салыштырмалуу кырсыктар 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандар 15,3%га көбөйгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Нур-Баткен» клубунун эки футболчусу жол кырсыгынан каза тапты