Экономика министрлиги: 2021-жылы Кыргызстанда товар экспорту азайып, импорт көбөйгөн

Экономика жана коммерция министрлиги 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда продукциялардын экспорту 15,9%га азайганын билдирди. Бул тууралуу ведомство Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарына таянып маалымадады.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн экспорту 1 млрд 658 млн долларды түзүп, 15,9%га азайды, ал эми импорт 5 млрд 570 млн долларды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 49,8%га көбөйдү.

Өлкөнүн 2021-жылга карата тышкы соода жүгүртүмүнүн көлөмү 7 млрд 229 млн долларды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 27%га көбөйдү.

Евразия биримдигинин өлкөлөрү менен товар алмашуу 3 млрд 428 млн долларды түзүп, 40%га көбөйгөн. Бул суммадан экспорт 803 млн долларды, ал эми импорттун көлөмү 2 млрд 624 млн долларды түзгөн. Башка өлкөлөр менен товар алмашуу 3 млрд 801 млн долларды түзгөн.

Дагы окуңуз: 2020-жылы көмүскө смартфон ташуудан мамбюджетке бир млрд сом киреше түшпөй калды