2020-жылы көмүскө смартфон ташуудан мамбюджетке бир млрд сом киреше түшпөй калды

2020-жылы өлкөгө смартфондорду көмүскө алып келүүдөн мамлекеттик бюджет болжолдуу 1 миллиард сомдон куржалак калды. Бул тууралуу 7-февралда Маалыматтык коопсуздук жана IT-инфраструктураны өнүктүрүү ассоциациясынын директору Айбек Баканов билдирди.

Ал Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайк, 2020-жылы өлкөгө 1 млн 800 миң телефон алып келингенин, бирок байланышты жөнгө салуу кызматынын маалыматы боюнча, киргизилген телефондордун саны дээрлик төрт миллионду түзөт деп түшүндүрдү.

«Расмий сандардагы айырма абдан чоң. Республикалык бюджетке келтирилген зыяндын баарын эсептесек, 1 млрд сомго жакын. Башка төлөмдөрдү кошпогондо 5 млрд сомго жетиши мүмкүн. Мамлекетке бул акча өтө керек, аны пенсия, айлык акы катары төлөсөк болмок. Тилекке каршы, алар абийирсиз импортчулардын чөнтөгүнө түшүп жатат. Мамлекеттик органдарда коррупция бар, масштабы чоң», — деди Баканов.

Ошондуктан, ассоциациянын башчысы Кыргызстанга уюлдук телефондорду алып келүүдө акы төлөп каттоо мыйзамын киргизүү керек деп эсептейт. Мындай мыйзамдын долбоору 2021-жылдын декабрында коомдук талкууга коюлган. Санариптик өнүктүрүү министрлиги долбоордун негизги максаты — коррупцияга жана техника уурдоого каршы күрөшүү деп билдирген.

Баканов бул мыйзамды кабыл алуу эл аралык компаниялардын жергиликтүү рынокко кирүүсүнө жол ачат деп эсептейт. Учурда, ассоциациянын жетекчисинин айтымында, мыйзамсыз импорттун айынан эл аралык компаниялардын өкүлүнө Кыргызстандын рыногунда иштөө пайдасыз.

«Ошондуктан расмий тейлөө борборлору жок. Русмий өкүлдөр жок болсо, биз жаңы буюмду эртерээк алуу, ошондой эле телефонду пайызсыз бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү менен алуу, эски смартфонду жаңысына алмаштырып, үстүнө кошумча төлөм алуу жана башка көптөгөн кепилдиктерди алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап жатабыз», — деди ал.

Баканов телефондун IMEI-коддорун каттоо үчүн төлөм 700 сомду түзөрүн айтты. Бирок бул керектөөчү үчүн смартфон сатып алууда анын баасына таасир этпейт деп белгиледи.

*IMEI (International Mobile Equipment Identity) — мобилдик түзмөктүн эл аралык идентификатору. Бул 15 сандан турган уникалдуу код, ал өндүрүш этабында ар бир мобилдик телефон менен смартфонго ыйгарылат жана түзмөктү тармак ичинде таанып билүүгө жардам берет.

«Өлкөдө бар болгон бардык телефондор акысыз катталат. Элдин 99 пайызы бул тууралуу билбей деле калат», — деп кошумчалады Баканов.

Мыйзамда физикалык жактар түзмөктөрүн бир жылдын ичинде катташы керектиги айтылат. Түзмөктүн ээси алмашкан учурда анын жаңы ээси бул тууралуу байланыш операторун 10 күндүн ичинде кабардар кылышы керек. Антпесе уюлдук телефон байланыштан өчүрүлөт.