Коронавирустан эки адам каза болуп, 55 жаңы учур катталды

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 15-февралга карата COVID-19 менен ооруп жаткан эки адам каза болуп, жуктуруунун 55 жаңы учуру катталды.

Аймактар боюнча:

  • Бишкек шаарында — 23;
  • Чүй облусунда — 19;
  • Жалал-Абад облусу — 4;
  • Баткен облусу — 4;
  • Талас облусу — 2;
  • Ысык-Көл облусунда — 2;
  • Ош облусу — 1.

Ошондой эле республика боюнча 207 адам оорудан айыгып чыкты.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын саны 200 121 жетти. Ал эми өлкө боюнча 193 178 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 932 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 428 бейтап, үй шартында 2 018 адам дарыланып жатат.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.