Казакстандын Алматы шаарында митингге катышкан деген шек менен кармалып, кийин бошотулган кыргызстандык джаз-музыкант, пианист Викрам Рузахунов кыйноолорго кабылганын ачыктады. Ал казак күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин талабы менен «өзүнө каршы көрсөтмө бергенин» белгилеп, башынан өткөн окуяларды айтып берди.
Казакстанга эмне себептен барганы тууралуу
Мен 2021-жылдын ноябрында Сочи шаарына бизнес форумга чакырылып, ал жактан казакстандык кесиптештер менен таанышкам. Аэропорттон коштошуп жатып Алматыда биргеликте бизнес баштайбыз деп сүйлөшкөнбүз. 16-декабрда билет сатып алдым.
Экинчи январда мен Алматыга учуп бардым. Мени ал жердеги Кайрат, Дархан деген досторум тосуп алды. Баары жакшы эле болуп аткан, бизнес идеяны талкууладык. Казакстандын аймактарына товар жеткирүү боюнча бизнес баштоону пландадык.
Төртүндө тынчтык митинги башталды. Аны мен ижарага алган батирден көрдүм. Досум үйдө болуп, эч жакка чыкпоону сунуштады. Аны угуп, үч күндөй үйдөн чыккан жокмун. Абал барган сайын курчуй берди. Алтысы апамдын туулган күнү болчу, ал жерде интернет жок богондуктап апамды куттуктай алган жокмун. Өлкөдө интернетти өчүрүп коюшту. Азык-түлүк саткан дүкөндөр жабылып калды. Ошол кезде үйгө, Кыргызстанга кетүүнү чечтим.
*Рузахунов кармалганда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги музакынттын туугандарына таянып, Рузахунов Алматы шаарында өтүүчү концерттик программаны алып баруу үчүн чакырылганын билдирген.
Алматыда кармалганы тууралуу
Мен «Сайран» автовокзалына барып, Бишкекке унаалар кетип жатканын билдим. Батирдин ачкычын дайындап, достор менен коштошуп жолго чыктым. Мени менен кошо унаада үч киши бар болчу. Алар улгайган адамдар болчу, паспорттору Казакстандыкы экен.
Самсы айылында аскердик блок-постто бардыгынын документтерин текшерип атыптыр. Биздин унааны токтотуп, менин пастортум Кыргызстандыкы экенин билгенде, дароо унаадан түшүүнү буюрду. Паспортумду алып, темир дубинка менен башка чапты.
Кийин менин бардык буюмдарымды алып чыгып карашты, анан «бул буюмдарды Алматыдан уурдап алган, мародёр» деп айыпташты. Мен телефондо ал кийимдерди Алматыга келгенге чейин кийип жүргөнүмдү көрсөттүм, бирок эч жыйынтык берген жок. Мени урганды улантышты. Чапты, тепти, темир дубинка менен чапты. Анан тизелеп отурууну буюрду. Ал дагы мени мародёрлукка айыптап, эмнеге Казакстанга келгенимди сурады.
Суук болчу. Чечинтишти — футболкачан болчумун, сууктан титирей баштадым. Ошондо тургузуп, күрмөмдү гана алууга уруксат берди. Анан бир тооккана сыяктуу сарайга алып барышты — ал жерде 30дай киши бар экен. Караңгы киргенче ошол жерде кармашты. Барымтада калгандай олтурдук. Жолдон өткөн унааларды токтотуп, эркек кишилерди алып келип жатты. Мени менен казактар, өзбектер, тажиктер, дунгандар болду.
Кыйноолор
Кийин бизди тергөө изоляторуна алып келишти. Узак жол жүргөнбүз, Ашуу-Булак деген жер экенин кийин билдим. Анан кыйноолор башталды.
Кээде камерага кирип келип туш келген адамды сабай баштады. Көбүнчө суракка алып чыгып, сурак учурунда сабашты. Же өзүнчө камерага же бурчка алып барып алып сабаган учурлар да болду.
Бети-башыбызга койгулап, кээде автомат такап, темир чынжыр менен башка койгулап кыйнап жатышты. 10-январга аз калганда пол жууган жыгач таяк менен урушту. Ошол сынганча койгулашты… Жылаңачтап чечинтип, ич кийимчен калганда беш жылдыз кылып кир полго көмкөрөбүздөн жаткырып, сабап, автомат менен омурткага ургулашты.
Кыйноонун максаты — элди талап-тонодук, башаламандык уюштурдук, митингге бардык, адам өлтүрдүк деп мойнубузга алышыбыз керек болду.
Өзүнө каршы жалган көрсөтмө бергени тууралуу
Мен 7-январь түндө барып, 10-январь түшкө чейин ошол жакта болдум. Экинчи күнү кечинде гана бизге нан беришти, андан кийин бир маал ысык тамак бере башташты. Бир жолу тооктун эти менен камыр, эртеси гречка менен капуста жедик. Бул аралыкта бир эле жолу ысык чай берилди.
8-январда кезектеги ур-токмоктон кийин мени башкалардан бөлүп кетип, жалгыз калганда же азыр биз айтканды аткарасың, болбосо токтобой сабай беребиз дешти.
Ал кезде алсырап, дем алууга шайым жок калгам. Мени кандай жаза күтөт деп сурадым. Алар учак менен депортациялайбыз дешти. Ошентип алар айткан текстти жаттап, камерага айтып бердим.
10-январда кезектеги суракка алып барганда Кыргызстандын Башкы консулу келгенин уктум. Документтерди даярдап, ишке байланыштуу жөндүү суроолорду берип, жалпы жарандык паспортумду, ноутбукту кайтарып беришти. Башка буюм-тайымдарым табылбай калды. Сурактын биринчи күнүнөн тартып музыкант экенимди айткам, бирок ишенбей, ойду-тоону сүйлөп туруп алышкан болчу.
Кыргызстанга кайтып келгенде
Кыргызстанга келгенден кийин интервью берүүгө аргасыз болдум. Бул аралыкта дүйнөдө эмне болуп жатканынан кабарым жок болчу. Баары өзүнөн өзү болуп кетти.
Канымда адреналин ойноп турса керек, бети-башым көгөрдү деп гана ойлогом. Ошол себептүү ооруканага да барган эмесмин. 11-январь күнү кечке маал өзүмдү жаман сезип, туугандарымдын айтканына көнүп «ЮРФАга» бардым.
Ал жактан абалың орточо оор деген тыянакка келишти. Өпкөмө аба толуп калган (пневматоракс), бешинчи, алтынчы кабыргам сынып, жетинчи кемирчегим айрылыптыр, көкүрөк клеткага оор сокку урулган, баш мээге сокку урулуп, мээ чайкалып калган дешти.
Ошол жерден реанимацияга алып кирип, операция жасашты. Көкүрөгүмдү тешип, өпкөгө трубка коюп, абаны чыгарышты. Бир айга чукул ооруканада жаттым. Врачтарга рахмат. Ооруканада жатуу деле жеңил болгон жок, кыйналдым, ал тургай көзүмө жаш алдым… Азыр деле көгала тактар кете элек, кабыргаларым калыбына келе элек. Акырындап өзүмө келе баштадым.
Мен кайгырып, санаа тарткан ар бир адамга рахмат айтам. Мени, менин артымдан дагы башка кыргыз жарандарын Казакстандан алып чыгып кетүүгө катышкан адамдарга рахмат. Кыргызстандыктар келип талап-тоноп, башаламандык уюштурду деген жалаа жокко чыкканына кубанып турам.
Рузахуновду кыйнагандарды жазага тартуу талабы
Юрист Нурбек Токтакунов орусиялык «Осторожно, новости» онлайн басылмасына маек куруп, казакстандык укук коргоо органдары Викрам Рузахуновду кыйноого алган кызматкерлердин ким экенин аныктап, жоопко тартуусу керек деп билдирди.
Анын айтымында, кыргыз тарап бул боюнча кылмыш ишин козгоп, тиешелүү документтер жана медициналык маалымкаттар топтолду.
«Биз, Рузахуновдун кызыкчылыгын коргоп жаткан юристтер, Казакстандын укук коргоо органдары, адвокаттар менен бирге иш алып барабыз. Ал жакта дагы биздеги маалыматтардан улам иш козголду», — деп билдирди Токтакунов.
Адвокат Рузухуновдун окуясы Казакстандагы, дегеле Борбор Азиядагы «кыйноолорго байланышкан абалга тик кароого» мүмкүнчүлүк берет деп үмүттөнөт.
Казак тарап эмне деген?
Алматы облусунун Карасай районунун прокуратурасы кыргызстандык джазмен Викрам Рузахуновдун кармалышы боюнча комментарий берген. Бул тууралуу казакстандык Tengrinews.kz. басылмасы жазган.
Маалыматта Рузахуновду 7-январда УКМКнын Чек ара кызматынын атайын даярдыктагы күчтөрү кармаганы айтылган. Прокуратура музыкант Карасай райондук убактылуу кармоочу жайына алып келингенде эле ур-токмокко алынган абала болгонун баса белгилеген. Ошондой эле аны ким сабаганын «аныктоого мүмкүн болгон жок» деп кошумчалашкан. Аны менен катар Рузахуновду Алматы полиция департаментинин кызматкерлери суракка алганы айтылган.
«Рузахуновдун көрсөтмөлөрүн текшерүүдө Алматыдагы башаламандыктарга катышканы аныкталган жок, мындан улам ал бошотулду», — деп билдиришкен прокуратурадан.
Викрам Рузахуновдун кармалышы
9-январда Казакстандык ЖМКларда «башаламандыктарга катышуу үчүн Кыргызстандан келген» делген кыргыз жарандын катышуусу менен тасма жарыяланган.
Анда кармалган киши аны менен «бейтааныш адамдар байланышка чыгып, митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге (17,5 миң сом) сунуштаганын» айткан.
Ал эми соцтармактардын колдонуучулары жана анын жакындары аталган киши кыргызстандык джаз-музыкант Викрам Рузахунов экениин айтып чыгышкан.
Бирок Казакстандын Ички иштер министрлиги кармалган кишинин аты «Закир Убуров» деп ишендирүүгө аракет кылган. Кийин Алматыда иштеп жүргөн Закир Юбуров аттуу кыргыз жараны кармалганы белгилүү болгон. Анын жакындары Юбуров коңшу өлкөдө 1,5 жылдан бери соода кылып иштегенин айтып, 7-январда ал мекенине кайтып келе жатканда өткөрмө постунда кармалганын айтышкан.
Андан кийин Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында Рузахуновду колдоо митинги өткөн. Митингге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев келип журналисттердин жана чогулгандардын суроолоруна жооп берген. Ташиев Рузахунов буга чейин башаламандыктарга эч качан катышпаганын жана ага «террорист катары» айып тагуу туура эместигин билдирген.
УКМКнын башчысы Викрам Рузахунов — террорист эместигин жана бийлик аны куткаруу үчүн бардык күчүн жумшарын айткан. 10-январда Рузахуновду Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов баштаган кызматкерлер бошотуп келген.
Авторлошу Найзабек Мукамбетов.