ИИМ: Викрам Рузакунов Алматыга концерттик программаны алып баруу үчүн чакырылган

Викрам Рузакунов

Казакстанда кармалган джаз-музыкант, пианист Викрам Рузакунов Алматы шаарында өтүүчү концерттик программаны алып баруу үчүн чакырылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы музакынттын туугандарына таянып 9-январда билдирди.

Маалыматка ылайык, Рузакунов 2021-жылдын 16-декабрында Алматы шаарына 2-январга учак билетин алган. Аталган күнү ал Казакстанга учуп кеткен. Музыкантты аэропортко энеси Кундузхан Рузакунова жана анын небереси Аскат Сериков коштоп барышкан.

«Туугандарынын маалыматы боюнча кыргызстандык джаз-музыкант Викрам Рузахунов Алматыга чакыруу менен бат-баттан барып турган. Жакында ал концерттик программаны алып баруу үчүн Алматыга чакырылган», — деп билдиришти ИИМден.

Ошондой эле Рузакуновдун жакындары алардын Казакстанда эч кандай туугандары жоктугун маалымдап, музыкант Алматыга концерттик программаларды жана музыкалык фестифалдарга катышууга гана барып жүргөндүгүн билдиришкен. ИИМден учурда Рузакуновдун кармалышы боюнча жагдайларын тактоо үчүн «тиешелүү чаралар жүргүзүлүүдө» деп кошумчалашты.

Ал эми Казакстандын күч органдары кармалган киши Викрам Рузакунов эмес, 31 жаштагы Закир Убуров экенин билдиришүүдө. Бирок коңшу өлкөнүн полициясы мунун тастыктаган тиешелүү далилдерди жарыяла элек.

Рузакуновдун кармалышы

Викрам Рузакуновдун кармалганы тууралуу видео Казакстандык ЖМКларда 9-январда жарыяланган. Анда ал «башаламандыктарга катышуу үчүн Кыргызстандан келген» деп маалымдалган.

Тасмада Рузакунов «бейтааныш адамдар ага байланышка чыгып, митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге (17,5 миң сом) сунуштаганын» айткан.

«Мен Кыргызстанда жумушсуз болгонум үчүн макул болдум. Алар мага билет алып беришти, 2-январда Алматыга учуп келдим. Мени батирге алып келишти — ал жерде Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары болушкан, бирок алар эмне тууралуу сүйлөшүп жатканын түшүнгөн жокмун. Митинг башталганда мен коркуп, батирге кайтып, анын эртеси күнү мени кармап кетишти», — деди Рузакунов.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги учурда Казакстандын тийиштүү органдары менен биргеликте кыргыз жаранынын кармалышы боюнча бардык жагдайларын тактап жатышканын маалымдады.

Ал эми Рузакуновдун жакындары ал кыйноолорго кабылганын жана музыкант менен байланышка чыга албай жатышканын айтышууда. Ал ишмердүүлүгүнө байланыштуу Алматыга гастроль менен бат-баттан барып турганы айтылды.