Баткен районунда ата-энеси жок он балага жер тилкеси берилди

Баткен районунда ата-энеси жок он балага прокурордук актынын негизинде жер тилкеси бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Андан тышкары, «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Баткен облусундагы филиалы балдарга укук күбөлөндүрүүчү документтер акысыз жасалып берилген.

«Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, жетим балдарга жана ата-энесинин кароосунан ажыраган балдарга турак-жай же жер тилкелери кезексиз берилүүгө тийиш», — деп кошумчалашты көзөмөл органынан.

Кыргызстанда 138 интернат мекемеси иштейт, аларда болжолу менен 12 миң бала тарбияланат. Жыл сайын 9 классты бүтүп-бүтпөй 400-500гө чукул улан-кыз балдар үйүн таштап кетет. 16 жашка толуп-толбогон өспүрүмдөрдү кээде гана болбосо, дээрлик эч ким күтпөйт.

Балдар жөнүндө кодекске ылайык, жетимдер 16 жаштан тартып кезексиз турак жай алууга укуктуу. Бирок бүтүрүүчүлөрдүн 5%га жакыны гана өз укуктарын билет.

Укук коргоочулар Бишкек жана Ош шаарынын муниципалдык органдары ушул шаарларда жашаган, үй-жайга муктаж жетим балдардан кабар албай жана алардын санын да билбей турушканын аныкташкан. 1991-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жетимдерге болгону 8 үй берилген.

Тема боюнча: Балдар үйүнөн тарбияланып чыккан улан-кыздардын тагдыры эмне болот?